Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

13:26 Президент Курманбек Бакиев бүгүн Феликс Куловду кабыл алды


“Ар намыс” саясий партиясынын лидери Феликс Куловдун өтүнүчү менен бүгүн президент Курманбек Бакиев аны кабыл алганын президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ф.Кулов президентти кечээ “Ак жол” партиясынын курултайынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаган. “Ар намыс” партиясынын төрагасы курултай учурунда маанилүү маселелер козголгонун, өзгөчө, энергетика тармагына тиешелүү маселелер боюнча анын өзүндө да сунуштар бар экенин айтты. Премьер-министр болуп турган кезинде Ф.Кулов республикада кичи ГЭСтерди куруу жаатында бир топ немис инвесторлор менен байланышып, алар тармакты өнүктүрүүгө жүздөгөн миллион доллар акча жумшоого даяр экендиктерин билдиришкенин белгилеп өттү. Президент болсо энергетика жаатында Ф.Куловдун сунуштарын колдой турганын билдирип, өзүнүн администрациясына ал сунуштарды ишке ашыруу планы так көрсөтүлгөн жарлык даярдоо тапшырмасын берди, деп кабарлайт президенттин маалымат кызматы. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG