Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:50

13:44 15-июндан тарта электр энергиясын мезгил-мезгили менен өчүрүү токтотулушу мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өкмөт башчы Игорь Чудинов айтты. Депутат Галина Куликова 6-8 саат бою электр энергиясы өчүрүлгөндө муздаткычтар иштебей, тамак-аш азыктары бузулуп жатканы тынчсызданууну жаратаарын, бул ичеги ооруларына алып келиши мүмкүн экенин айтты. Премьер-министр болсо депутаттын суроосуна жооп иретинде 15-июндан тарта мезгил-мезгили менен электр энергиясын өчүрүү такыр эле токтотулушу мүмкүн, же андай болбосо да, кыска эле убакытка өчүрүлө турганын билдирди. Анткени ага чейин Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү деле жетиштүү топтолуп калат. Анын үстүнө жайында электр энергиясы анча деле көп колдонулбайт, деди өкмөт башчы. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG