Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

26-апрелде “жөө жүрүш жасайм” деп Түп шаарчасында чогулган оппозициянын айланасындагы чыр-чатакка --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/CF85A8DC-C754-4D7D-A300-6618962A0448.asp адистин көз карашын билүү максатында “Азаттык” үналгысы “Демократиялык кайра кууруга көмөктөшүү” уюмунун жетекчиси, кесиби боюнча юрист Бекбосун Бөрүбашевди кепке тартты.

-Бекбосун мырза, мына өзүңүз дагы угуп, көрүп жатсаңыз керек, кечээ оппозиция президентке кайрылуу жолдоп, анда Ысыккөлдөгү окуяны “Түптөгү сабоо” деп атап, муну уюштургандарга Башкы прокуратура тарабынан кылмыш ишинин козголушун талап кылды. Негизи тынч жүрүш уюштурууну максат кылгандарга каршы жасалган мындай окуялардын мыйзамдык жагы кандай чечмеленип жүрөт?

-Биринчиден, бул Түп окуясы боюнча бизде толук маалымат жок. Ошон үчүн мага бул жерде оппозиция күнөөлүү, же болбосо бийлик күнөөлүү, же болбосо антимитинг уюштургандар күнөөлүү деп айтыш оор. Экинчиден, биздин Башмыйзам боюнча Кыргызстандын ар бир жараны жүрүшкө чыкканга, чогулушка, митинг уюштурууга укуктуу. Бул конституциялык норма. Ушул боюнча ар бир жаран буга укуктуу. Ошон үчүн бул жерде биз бул норманы сакташыбыз керек. Мен муну юрист катары айтайын.

Ошондой эле кимде ким бул нормаларды бузса, ал мыйзам алдында жооп бериш керек. Мына менин алдымда эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү биз алардын арасына киришкенге акыбыз жок, андай-мындай деп айтты. Бул туура эмес көрүнүш. Анткени укук коргоо органдары кайра ар бир жарандын конституциялык укугун коргогонго акылуу. Ошон үчүн мен ойлойм, туура эмес ой-пикир болуп жатат.

-Бекбосун мырза, “Азаттыкка” буга чейин түз байланышка чыккан укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Түп чатагын чыгаргандардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, ал гана эмес кылмыш жазасын өтөп, поселениеде жүргөндөр, милициянын каттоосунда тургандар бар экендигин айтып кетти. Мына ушул өңдүү маалыматтар маселен бийликтин чатакка тиешеси бар экендигин тастыктай алабы?

-Эми андан фактылар менде болбогондон кийин мен бир жактуу айта албайм. Мен ушунун укуктук жана саясий жагын гана айтып берейин. Мисалы, Төлөйкан Исмаилова ошол жакта болгон экен, ал киши көргөн экен. Балким ошон үчүн анын дагы бир туура жагы бардыр.

Мисалы мен сыртынан укук таануучу катары өзүмдүн ой-пикиримди айтайын, эгерде ушундай боло турган болсо, бул жерде мисалы бизде кээде бийлик өкүлдөрү биздин мыйзамдарга кош стандарт менен мамиле кылууда. Мисалы, бир эле учурда ушундай мыйзам бузууларга көз жумуп коюшууда, экинчи жагынан буларга абдан катуу чара колдонуп жатат. Муну эл көрүп турат. Бул жагынан бийликтики туура эмес.

Мына мен дагы сыналгыдан көрдүм, башка маалыматтардан угуп жатам, митинг уюштурабыз дегендердин алдынан тосуп чыгышып, аларга кол көтөрүшүп, аларды сабаганга чейин барышканын биз көрдүк. Бул туура эмес. Ушул жерден жергиликтүү мамлекеттик бийликтин жетекчилери, укук коргоо органдары ушуга кийлигишиш керек болчу. Ар кандай сабоо болобу, токмоктоо болобу ушуну токтотуш керек болчу. Бул алардын түздөн-түз милдети. Бул жерден көрдүк, андай болгон жок. Бул бир жагы.

Экинчиден, бизде оппозиция дагы туура эмес мамиле кылат. Оппозицияда жүргөн кээ бир жарандар кайда нааразычылык болсо, кайсы жерде ызы-чуу болсо, ошол жакка жүгүрүп барышат. Ошол элди көтөрөбүз, өзүбүздүн саясий кызыкчылыгыбызга пайдаланабыз деген ой менен келе жатышат. Бул күрөштүн кечээги формасы болчу. Бүгүн андай формадан кетиш керек. Анткени эл түшүндү, оппозицияга дагы, бийликке дагы эл толук ишенбейт.

Эмне үчүн мен ушинтип жатам? Анткени сыналгыдан көргөндө, мисалы, митинг уюштурган жактан дагы ашып кетсе 60-70 киши, бул жактан деле 100 киши чогулду, балким 150 киши чогулгандыр. Бул жалпы Түп эли эмес. Ошон үчүн бул жак дагы элдин атынан сүйлөгөнгө, тиги жак дагы элдин атынан сүйлөгөнгө акысы жок. Ошон үчүн бул жерден ушундай бир жыйынтык чыгарышыбыз керек: барган оппозицияны дагы эл колдогон жок, бийликти дагы эл колдоп жаткан жери жок.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG