Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Т.Мамашев: Жыл сайын туристтердин Кыргызстанга кызыгуусу артууда


Кыргызстандын тиешелүү тармактары жайкы эс алуу маалында эс алуучуларды көбүрөөк тартуу максатында кыштан бери эле ар кыл чараларды үзгүлтүксүз көрүп келатышат. Алардын бири кол өнөрчүлүк боюнча Бишкекте өтүп жаткан эл аралык көргөзмө, бүгүн Ысыккөлдө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/928A4F33-F3DE-4351-8C19-E188B5BE30EB.asp да ачылды. Ушуга байланыштуу Ысыккөлдө жүргөн туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек Мамашев “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Мен билгенден кыштан бери Кыргызстанга туристтерди тартуу багытында бир топ эле иш чаралар өтүп келатат. Бүгүнкү көргөзмө деле ушул максатты аркаласа керек?

-Туура айтасыз, 28-29-апрелде Бишкекте үчүнчү эл аралык туристтик көргөзмө өткөрдүк. Ушул көргөзмөнүн тегерегинде Биринчи эл аралык кол өнөрчүлүк фестивалын өткөрдүк. Ошону улантып бүгүн Ысыккөлгө келип жеттик. Ысыккөлдө бүгүн ошол көргөзмөнүн уландысы болот.

Негизги максатыбыз жайкы сезонго даярдык, дүйнө жүзүндөгү элдердин көңүлүн Кыргызстанга буруп, ошондой эле Кыргызстандагы биздин бүгүнкү жашап аткан стабилдүүлүк. Жылда эле туристтерде көп суроолор туулат. Туристтер үчүн эң негизгиси стабилдүүлүк керек. Ошон үчүн ушунун баарын бириктирип, камтып, биз ушундай чоң көргөзмө өткөрүп атабыз.

Кыргызстанда элдин бүгүнкү күндөгү тынчтыкта өкүм сүрүп жашап аткандыгын, сезонго даярдыгын, бардыгын бириктирип, “Кош келиңиздер Кыргызстанга”, “Кыргызстан туристтик сезонго даяр” деген ураан менен өтүп атат.

-Туристтердин агымы быйыл кандай болчудай, болжолдоп көрдүңүздөрбү?

-Божомол боюнча кудайга шүгүр, жакшы. Жылдан жылга Кыргызстанга болгон кызыгуу артып, өзгөчө эс алууга келебиз дегендердин саны жылдан жылга көбөйүүдө.

-Былтыркыга салыштырмалуу сан барбы?

-Ал прогнозду айтуу өтө кыйын. Бирок мен ишенем бизге жылдан жылга процентке эмес, эсеге көбөйүп атат, кирешеси дагы, туристтердин кирген саны да көбөйүп атат. Мен ойлойм, быйыл дагы былтыркыдан кем эмес туристтер келет, кирешеси дагы көбүрөөк болот деп айта алам.

-Сиз өзүңүз билесиз, Ысыккөлдөгү эс алууда тазалыкка, тейлөөгө ичи чыкпаган эс алуучулардын, сиз деле, биз деле аз жолуктурбайбыз, мисалы дааратканага, акыр-чикирге, таштандыларга байланышкан маселелер көп эле көтөрүлүп келатпайбы ушул күнгө чейин. Ушул өксүктөрдү жоюу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат ушул тапта?

-Чындыгында проблемалар көп. Бирок иштеп, иштин негизинде элдин үнүн угуп, ушул проблеманы чечүүгө аракет жасалып атат өкмөт тарабынан. Кудай буюрса быйыл даярдыктар аябай жакшы. Быйыл министрлик, ведомстволор менен көп тегерек үстөлдөрдү өткөрдүк. Бул чечиле турган маселе. Бирок муну 1-2 жылда чече албайбыз, буга бизге убакыт керек. Бирок негизги биздин өлкөнүн саясаты чындап эле бизге эс алабыз деген элдерге жакшылап шарт түзүп берүүгө аракеттер бар.

-Мисалы, таштандыларды ташып чыгаруу маселеси боюнча технологиясын тереңирээк өздөштүрүп, өркүндөтөбүз деген сунуштар айтылып атты эле ишкерлер тарабынан. Бул багытта азыр конкреттүү иштер барбы?

-Сөзсүз түрдө бар. Кандай гана иш алып барбайлы, таштандылар боюнча сөзсүз түрдө чоң каражатты талап кыла турган иш. Азыр мунун үстүнөн негизинен иш жүрүп атат. Каражат табылаары менен иш башталат. Өткөндө сиздер менен сүйлөшкөнбүз таштандыларды кайрадан иштеп чыгаруу боюнча чоң завод курулушу керек деп. Ал сөз жүзүндө кала берет дагы, бир таштандыны бир жерден экинчи жерге алып беките беребиз. Ошон үчүн сөзсүз түрдө завод керек. Ал завод боюнча кийинки күндөрү жакшы сөздөр болуп атат. Убагы келип ачылып калса анда чындап эле биздин тазалыкты, экологияны сактоого жакшы жол ачылат.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG