Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

16:18 Кыргызстандык куруучулар Кореянын курулуш адистеринин бай тажрыйбасын үйрөнүшөт


Кореянын курулуш боюнча эксперттери Бишкекке июндун аягында келишет. Алар Кыргызстандын Архитектура жана курулуш агенттиги менен Кореянын Мамлекеттик Жер корпорациясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө кол коюлган Меморандумда каралган иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн келишет. Мындай кызматташтык жөнүндө меморандумга ушул апрель айынын аягында кол коюлган. Анда шаар курулушу, аны башкаруу жана жаңы технологияларды ишке киргизүү, биргелешкен долбоорлорду аткаруу жагы каралган.
«Кореянын Жер корпорациясынын вице-президенти Ом Так Ел биздин ведомстволордун ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө абдан кызыкдар экенин билдирди. Шаар курулушу жөнүндө нормативдик укуктук базаны камсыз кылуу, жаңы шаарды жана курорттук комплекс куруунун генералдык планы, архитекторлорду окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташкан жатабыз»,- деди Кыргызстандын Архитектура жана курулуш агенттигинин директору Каныбек Нарбаев.
Кызматташтык жөнүндө Меморандумга ылайык кореялык адистер кыргызстандык куруучуларды бийик имараттарды курууга үйрөтмөкчү. Азыркы учурда Архитектура жана курулуш агенттигинин адистери Бишкекте, Жалалабат, Чүй, Ысыккөл областтарында курулуучу объектилер жөнүндө конкреттүү сунуштарын даярдашууда. (KCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG