Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

16:49 Мамлекеттик объектилерди менчиктештирүүгө парламент катышпайт


Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик мүлк боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсун Турдумамбетов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын баш мыйзамынын 58-беренесинде бул ишти өлкөнүн өкмөтү жүргүзө ала турганы жазылган. Ал менчиктештирүү программасы көп убакыттан бери парламентте каралбай келатканын Жогорку Кеңеште адис эместер жана “жеке кызыкчылыгы бар” депутаттар олтурушканы менен түшүндүрдү. Буга чейин чечим кабыл алуудан корккон чиновниктер парламентке кайрылышкан, ал эми азыркы өкмөт укуктар менен бирге жоопкерчиликти да өз мойнуна алуудан чочулабайт, деди Т.Турдумамбетов. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG