Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

17:53 Ысыккөлдө туристтик сезондун расмий ачылышы болду


30-апрелде Ысыккөл жээгинде Онунчу эл аралык туристтик жарманке өттү. Ага Орусия, Болгария, Тажикстан, Казакстан өңдүү онго жакын өлкөдөн 20дан ашык туристтик фирмалар катышты. Чет элдик массалык маалымат каражаттарынын Түптөгү жөө жүрүш, казак-кыргыз чегарасы, көлдүн экологиялык жана коопсуздук боюнча суроолоруна облустун губернатору Кыдыкбек Исаев быйыл көл бир жарым миң тонна таштандыдан тазалганганын жана өлкөдө стабилдүүлүк орногонун ырастады. Ошондой эле Түп-Кеген жолуна 150 млн. сом бөлүнүп, эми Казакстанга 76 чакырым жол жакын болуп калаарын айтты. Ал эми ички иштер башкармасы Эркинбек Эсеналиев туристтердин коопсуздугу үчүн атайын кошумча милиция кызматкерлери тартылганын билдирди. Ысыккөлдө жалпы 200дөй эс алуучу жай туристтерди кабыл алат. Алардын 10 пайызында суу тазалоо системасы жок болгондуктан көзөмөл күчөйт. Бул күнкү эл аралык жарманкеде путевкалардын 80 пайызы сатылганы жана кызмат акылары 10 пайызга жогорулаганы дайын болду. (RB)

XS
SM
MD
LG