Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

18:17 Нарындын экологиялык маселелерин козгоп жаткан бейөкмөт уюмдар Таласка бармай болду


Нарын облусунун алтын жана башка кендер боюнча экологиялык маселелерди козгоп жаткан бейөкмөт уюмдары Таласка бармай болду. Мындай маалыматты бүгүн Таластын айрым бейөкмөт уюмдары менен болгон жолугушууда демилгени көтөргөн ЕККУнун Таластагы өкүлү Данияр Сүйүнов билдирди. Аталган жыйында Нарындан келе турган конокторду коштоп жүрүүгө Таластын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган атайын демилгелүү топ түзүлдү. Ал топ конокторду Таластагы кендердин ачылышын жана жабылышын көздөгөн адамдар жана алтын казуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуштурмакчы. Азырынча алар качан келишет белгисиз. (UA)

XS
SM
MD
LG