Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

Олимпиада оту Гонконгго жеткирилди


Дүйнөдөгү жыйырма өлкөнү кыдырып чыккан соң, олимпиада оту бүгүн Кытай жергесине кайтып келди. Олимпиада оту келээр алдында эле Гонконгдун бийлиги нааразылык чарасын уюштурган жети кишини аймактан чыгарып жиберди. От Кытайдын чыгыш өңүрүндөгү бул шаарга Вьетнамдан жеткирилди. Эми жума күнү спортсмендер Олимпиада чычаласын көтөрүп алып, Гонконг шаарын аралай кыдырмакчы. Олимпиада отунун дүйнө жүзүндөгү эстафетасы Кытайдын Тибеттеги адам укуктарын тепсеген саясатына каршы нааразылык чаралары менен коштолуп келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG