Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

БИШКЕКТЕ ДҮЙШӨНКУЛ ШОПОКОВДУН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН МЕЛДЕШ АЯКТАДЫ


Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Cоветтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Салтка айланган бул мелдеште Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тандалган 132 спортчусу күч сынашты.

Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган эл аралык турнирде кыргызстандык бокс чеберлери 6 алтын, 2 күмүш жана 8 коло медаль жеңип алышты. Эң жеңил салмакта жарымфиналга чейин жеткен бишкектик Асылбек Назаралиев коло байгелүү болду. Ал эми 51 кг салмакта караколдук спорт чебердигине талапкер Адис Норузбаев бардык атаандаштарын утуп, жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

54 кг. салмакта жалалабаттык Адылжан Боронов баш байгенин ээси болуп, “мелдештин мыкты боксчусу” сыйлыгына арзыды.

Ошондой эле 57 кг салмактагы мушкерлердин күч сынашуусунда Кант шаарындагы «Абдышата» спорт клубунун өкүлү Эрмек Сакенов биринчи орунду ээлеп, келечекте жердеши Орзубек Назаровдой дүйнө чемпиону болууну максат кылаарын маалымдады.

75 кг салмакта Бишкектеги «Спартанец» спорт клубунун мушкери Дилшот Жаланов турнирдин жеңүүчүсү деп табылып, алтын медаль тагынды. Ошондой эле анын клубдаш курбусу спорт чебердигине талапкер Сергей Паренко 91 кг салмакта баш байгенин ээси болду. 90 кг жогорку салмактагылардан да биринчи орунду бишкектик Марат Жуманалиев камсыз кылды.

64 кг салмакта Бишкектеги «Эмгек резерви» спорт клубунун өкүлү Урмат Рыскелдиев финалда аз упай менен утулуп күмүш медаль тагынды.

Казакстандык спорт чебери Мухтар Бирбай мелдешке үчүнчү ирет келгенин айтып, таймашуулар курч мүнөздө болгонуна токтолду:

- Айтмакчы, чынында бокстан Казакстан менен Өзбекстан лидер болуп келсе, кийинки учурда Кыргызстандан дагы мыкты жигиттер чыга баштады. Сиздердин бокс мектебиңер да бизден калышпайт. Жыл өткөн сайын бул турнирдин деңгээли жогорулап баратат.

Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, “Ак жол” фракциясынан парламент депутаты Орзубек Назаровдун айтымында өзүнүн чоң спорттогу жолу ушул Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешинен башталган. Ал эми Бээжин олимпиадасына жолдомо алган канттык эл аралык бокс чебери Асылбек Таласбаев бул жолу олимпиадалык оюндардын таймашуусуна даярдык көрүп жаткандыктан Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешине катышкан жок.

Эл аралык чоң мелдештерге баруу менен гана чеберчилик өсөөрүн, жаштарга жакшы шарт түзүлсө гана ийгиликтерге жетүүгө болоорун өлкөнүн бокс федерациясынын вице- президенти Адылхан Бекболотов белгилеп, жыл өткөн сайын Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдеши кайрадан эл аралык деңгээлге көтөрүлүп баратканын кошумчалады.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агентигинин улук адиси Канат Арпачиевдин пикиринде мелдеш курч мүнөздө, жогорку денгээлде өттү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG