Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Боснияда сот үч аскердик кылмышкерге өкүм чыгарды


Босниядагы согуш кылмыштарын иликтеген сот серб улутундагы эки атуулду жана бир босниялык хорватты 1992-95-жылдардагы аймактагы согуш маалында босниялык куралсыз карапайым мусулмандарга каршы зулумдук аракеттери үчүн айыптуу деп таап, ар бирин он жылга эркинен ажыратты. Мирко Тодорович жана Милош Радич аттуу сербдер Братунач шаарчасынын жанынан сегиз мусулманды өлтүргөнгө катышкан деп табылды. Босниялык хорваттардын аскер полициясынын мурунку колбашчысы Паско Любичич болсо Ахмичи кыштагында жүздөн ашык мусулмандын кыргынга учурашына катышканын өз мойнуна алган болчу.

XS
SM
MD
LG