Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Быйыл өкмөт “Түндүкэлектр”, “Бишкек жылуулук тармактары”, “Бишкек жылуулук борборун” жеке колго өткөрүүнүн камылгасын көрүүдө. Кыйладан бери менчиктештирүү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/88F9597D-534D-4EE5-B88A-AFF55A628790.asp программасынан түшпөй келаткан “Кыргызтелеком” акционердик коомунун дүйнө-мүлкү канча экени такталууда. Парламент кыргыз-казак өкмөттөрүнүн Ысыккөлдөгү төрт пансионатка Казакстан ээлигин ырастаган келишимин жактырган.

Энергетика тармагын менчиктештирүү программасы мындан он жыл илгери парламент тарабынан бекитилип, анын үчүнчү этабы 2003-жылы аягына чыккан. Ушу тапта чоң талаш чыгарып жаткан электр энергиясын бөлүштүрүү компанияларынын эң ириси “Түндүкэлектр”, “Бишкекжылуулук тармактары” менен “Бишкек жылуулук борбору - ТЭЦ” быйыл жеке колго өтмөкчү.

Мамлекет ээлигинен “Кыргызтелеком” акционердик коому да чыкмакчы. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетов азырынча үч компанияны сатууга даярдап жатышканын маалымдады:

- Биринчи кезекте конкурс менен баалоочу компанияны тандап алдык. Булар азыр баалап жатышат. Ушул үч объект биринчи кетет. Бөлүштүрүү компанияларына уруксат берилген. “Кыргызтелеком” да программада бекилген. Ал программа боюнча биз иштеп жатабыз.

Менчиктештирүү программасын мындан ары өкмөт өзү түзүп, мурдагыдай Жогорку Кеңеш макулдугун албайт. 1998-жылга чейин аткаруу бийлиги өзү тескеп, өзү жайкап келген менчиктештирүү программасы он жылдан бери парламент макулдугу боюнча жүргүзүлүп калган.

“Шоро” компаниясынын президенти Табылды Эгембердиевдин ырасташынча, менчиктештирүү программасы үзгүлтүксүз иштеп, мамлекет ээлигиндеги дүйнө-мүлктүн баары жеке колго өтүшү керек.

- Бул өзү өтө чоң маселе. Бул сөзсүз талаш жаратчу маселе. Бирок жанагы ток чыгарган ГЭСтер өзүбүздүн колубузда калса, аны ташыгандар мамлекет колунда болсо, токту элге сата турган компанияларды менчикке бербесе болбойт.

Бөлүштүрүү компанияларынын жеке колго өтүш зарылдыгын Т.Эгембердиев тармакты каптап калган урдaп-тоноочулукка байланыштырат. Бирок да ошондой түшүнүккө жетеленген Казакстан өкмөтү жеке колго өткөргөн Алматы калаасынын жылуулук борборун кайра сатып алууга мажбур болгонун парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Рахатбек Рысалиев маалымдайт:

- Анткен себеби биз азыр кыргыз эли сатып, анан сатылганга жаман көнбөдүкпү. Оңой жолду табабыз да. Сатып ийиш керек же сатылыш керек деген гана принцип. Башкача жолун издөөнү ойлонгубуз келбей калды. Мына алыс кетип кереги жок. Ошол Алматыдагы ТЭЦти сатып ийип, кайра мамлекет аны сатып алганга аргасыз болгон. Социалдык жакыр катмардагы элдер жылуyлуксуз, жарыксыз калып калган.

Өкмөт ага болбой эле Бишкек ТЭЦин жеке колго өткөрүү камылгасына киришүүдө.

- Ошон үчүн биздин мындан ары Бишкек ТЭЦин тикелей жана кыйыр каржылап турууга чамабыз жок. Жакында өкмөт жыйынында Бишкек шаарын жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуy акысын көтөрүү маселесин талкуулайбыз,- деп өкмөт башчы Игорь Чудинов өткөн айдын соңунда эле жарыя кылган.

Аны өкмөт ишке ашырып, жыл сайын кызмат акыны 12% кем эмес көтөрүп туруу тууралуу токтом кабыл алып, ушу тапта менчиктештирүүнүн кезектеги жүрүшүн жасаганы турат.

Айрым адистердин болжолунда Казакстандан кийин Көл кылаасындагы пансионаттарына Өзбекстан өкмөтү да ээлигин сактап калуу аракетин жасашы ыктымал. Т.Турдумамбетов экинчи коңшудан азырынча андай өтүнүч түшө электигин ырастап, өкмөт учурунда жасабай койгон иштен улам ушундай проблема чыгып жатканын белгиледи:

- Албай калганбыз да. 1992-жылы алышыбыз керек болчу. Казакстандыкын да, Өзбекстандыкын да. Муну жалгыз эле Маммүлк комитети же Тышкы иштер министрлиги карабаш керек. Муну өкмөттүн деңгээлинде караш керек.
XS
SM
MD
LG