Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

“Фридом Хаус” (Freedom House) уюмунун Кыргызстан сөз эркиндиги жок өлкөлөрдүн катарында турат, деген бүтүмүн өлкөдөгү журналисттер да кызуу талкууга алып жатышат. Айрым пикир ээлери уюм --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/D3242A0E-D4E2-4004-885B-8E030F030B1D.asp Кыргызстандагы сөз эркиндигин батышчыл демократиянын жоболору менен карап жатат, бул биз үчүн ылайыксыз, деп эсептешсе, кээ бирөөлөр көз карандысыз электрондук маалымат каражаттарынын жоктугу, телеканалдардын баары бийликтин колуна өткөнү өлкөдө сөз эркиндигинин жоктугу, деп айтышууда.

Кыргызстан эгемендик алганы мамлекеттен көз каранды маалымат каражаттары он эселеп көбөйдү. Бирок менчик басылма каражаттары, радио жана телеканалдардын саны мурдагыдан көп болгону менен алардын мазмуну эркин болбой жатканы белгиленүүдө. Бул өзгөчө азыркы бийликтин тушунда өтө күч алгандыгын белгилешет алар. Мурдагы бийликтин тушунда эркин деп эсептелген “Пирамида” телеканалынын азыр бийликке каяша кыла албай калышы, электрондук маалымат агенттиктеринин бийликти сындоого даай албай калганы буга себеп катары айтылууда. “Заман Кыргызстан” басылмасынын баш редакторунун орун басары Абдыкерим Муратов:

-Кийинки мезгилде электрондук басылмалар, телеканалдар көбөйгөнү менен алардын багыты өзгөрүп, артка кетип атат. Мисалы, бир убакта күчтүү чыккан “Пирамида”, НТС телеканалдарынын жана кыргыз тилиндеги бир топ гезиттердин багыты кескин өзгөрүп, бийликке оппозиция түзө албай жатышы менен сөз эркиндиги артка кетип жатат, десек болот.

Жалалабат облусунда обого чыгып аткан “Сентябрь” телеканалы жалпы өлкө аймагын камтууга күчү жетпесе да, кандайдыр бир өлчөмдө маалыматтарды эркин жайылтып, бийликтин терс аракеттерин курч сынга алып турган. Аталган телеканалдын кызматкерлери бийликке жалданган адамдар тарабынан бир нече ирет сабалган.

Өткөн жылы телеканалдын толкун таратуучу мунарасы турган жерди жергиликтүү бийлик “мыйзамсыз” деген негиз менен алып койгон. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев “Сентябрь” телеканалынын обого чыкпай калышы менен Кыргызстанда бир дагы эркин телеканал калган жок, дейт:

-Жападан жалгыз, көзгө басар оппозициялык маанайдагы “Сентябрь” телеканалы обого чыкпай калышы менен бизде бир да бийликке сын пикир айта алган телеканал калган жок. Ал эми радиолор болсо өзүңөр билесиңер маалыматтык программалары бар үналгылар бир-экөө эле. Калганы баары көңүл ачуучу, шоу радиолор.

Марат Токоевдин пикирине кошула бербеген дагы бир журналист, “Агым” гезитинин жооптуу редактору Аскер Сакыбаева багытын өзгөрткөн маалымат каражаттарынын баарын эле бийликке көз каранды болуп калды, деп айтууга болбойт, деп эсептейт:

-Бирөөлөр кысып, бийлик кысып, анан багытын өзгөрттү деп айтууга болбойт. Анткени биз баарыбыз эле ошол балалык оорудан өтпөдүкпү. Балким ошол теле-радиоканалдардын тандаган жолу ушундай саясатка туура келип атат. Бул үчүн бир тараптуу сөз эркиндиги жок, деп айтуу туура эмес болуп калат го.

Аскер Сакыбаева мурдагы бийликтен айырмаланып, азыр басылмалар сот аркылуу жабылган учур жоктугун белгилеп, бирок ушул тапта “Де-факто” жана “Алиби” гезиттери президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулунун арызынын негизинде соттолуп жатканын да кошумчалап кетти.

Белгилүү болгондой 3-май сөз эркиндигинин эл аралык күнү. Бул күнгө карата массалык маалымат каражаттарын колдоо жаатында иш алып барган “Интерньюс” уюму сөз эркиндиги темасындагы карикатура сүрөттөргө сынак уюштуруп, жеңүүчүлөрүн аныктады. Ага ылайык карикатуристтер: Руслан Валитов 5000 сом, Азамат Кыязов 4000 сом, Михаил Данилов 3000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Ал эми карикатурист Айбек Даирбековдун бир сүрөтү көрүүчүлөрдүн жактыруусуна ээ болду.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG