Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

ОРУСИЯНЫН ИРАНГА ӨЗӨКТҮК ЖҮГҮ АЗЕРИЛЕРДИН КОЛУНДА КАЛА БЕРҮҮДӨ


Азербайжан Иран менен чек арасында Орусиядан Иранга бараткан өзөктүк --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/72FAAB01-1A4B-49AD-AFED-B90DDA7571CB.asp жабдыктарды дале кармап жатат. Азербайжан бийликтери бул жүктү кое берүүдөн мурда, анын бардык документтерин көрсөтүүнү талап кылууда. Орусия Ирандын Бушер ядролук ишканасына бараткан жабдыктардын бардык документтери толук жана туура толтурулганын айтып келет. Анда жүк эмнеден кармалып жатат?

Азербайжандын бажы кызматтары Иран менен чегарадагы Астара көзөмөл бекетинде жүк ташыган машиналардын чакан кербенин 29-мартта токтоткон эле. Ошол бойдон ал кербен жүгү менен кыймылдабай турат.

Орусиядан келаткан жүк ташыгычтарда Орусиянын мамлекеттик “Атомстройэкспорт” компаниясынын 171 миң доллардык 10 тонна жабдыгы бар. Ал Ирандын түштүк-батышында Орусиянын жардамы менен курулуп жаткан Бушер ядролук кубат ишканасына жеткирилиши керек.

Ирандын бийликтери жүктүн кармалышына саясат аралашты деп шектенүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министринин маалымат катчысы Али Хосейини мындай деди:

- Бул Иран менен Орусиянын кызматташтыгынын негинде, эл аралык эрежелердин чегинде курулуп жаткан Бушер ишканасын бүтүрүү үчүн зарыл болгон товар. Ага тыюу салынган эмес.

Орусияда да айрым жетекчилер "кеп документте эмес, Азербайжандын өкмөтү саясий себептерден жүктү кармап жатат" деп айтышууда. Кошмо Штаттары Орусиянын Бушер долбоорун колдогонун сындап келет. Вашингтон Ирандын атуулдук атом энергиясына укугун тааныганы менен, өлкө жең ичинен өзөктүк курал жасап жатат деп шектенет.

АКШнын Азербайжан менен алакасы жакын экени маалым. Ушундан улам, Орусия жөнөткөн жүктүн иран-азери чек арасында кармалышында Вашингтондун "салымы" да болуп жаткан жокпу деген суроо туулат. Бирок АКШнын Мамдепартаменти мындай шектенүүнү четке какты. Ушул дүйшөмбүдө Ак Үйдөгү брифингде мамкатчынын маалымат өкүлү Шон МакКормак мындай деди:

- Биздин көз карашыбызда, муну Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин резолюциясындагы мыйзамсыз максаттарда колдонулушу мүмкүн болгон материалдарды кайра жүктөө боюнча алган милдеттемелердин негизинде Азербайжан менен Орусиянын өкмөттөрү өз арасында чечиши керек. Мен бул жүк мыйзамсыз максаттарды көздөшү мүмкүн деген жокмун, бирок муну эки өлкө өздөрү чечиши зарыл.

Бушер ишканасында биринчи реактор курулуп бүткөнү калды. Орусия ядролук отунду буга чейин эле жиберген. Реактор келерки жылдын башында ишке киргизилет деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG