Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

ЖАЛАЛАБАТ: САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН САЛМАГЫ КАНЧАЛЫК?


Жалалабат облусунда демократияны өнүктүрөөр саясий партиялардын ушул таптагы абалы менен коомдон алган ордуна кызыккандар арбын. Парламенттик шайлоодо көпчүлүк орундарга жетишкен партияларга өкмөттүк колдоо көрсөтүү тууралуу мыйзам долбооруна «Асаба» партиясынын облустагы төрагасы макул эмес. “Ак жол” партиясынын облтөрагасынын пикиринде мыйзам долбоору бардык партиялар үчүн көрүлгөн камкордук болот. Коомчулукта орун алган партиялар элди шайлоо маалында гана эстейт деген пикирге кошулбаган «Ата Мекен» --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/2721B235-BBAD-4A75-93AF-2302846EC56C.asp партиясынын өкүлү, уюм ушу тапта өлкөдөгү саясий маанилүү окуяларды маалымат жетпей жаткан элге түшүндүрүп жаткандыгын айтты. Эл өкүлдөрү партиялар саясий кампанияларда гана элди эстешеерин белгилешүүдө.

Парламентте мыйзам долбоору каралып жаткандай, декабрь айындагы шайлоодо утуп чыккан саясий партияларга өкмөттүк колдоо көрсөтүлсө, калыстык болбойт. Ансыз деле «Ак жол» партиясы бийликтин колдоосуна ээ. Ушундай көз караштагы «Асаба» партиясынын облустагы төрагасы Бекмолдо Чотоновдун оюнда чыныгы демократия болсо, кайсы багытта экенине карабай, өлкөдөгү бардык партияларга камкордук көрүлүшү абзел:

- Бир партияга мүмкүнчүлүк берип, калган партияларды чийинден чыгарып коюунун аракети деп ойлойм. Анда эркиндигибиз кайда калат, сөз эркиндиги сакталыш керек эле да. Бирок бул жагынан дагы бир аз кысымчылык болгондой болуп баратат. Саясат жагынан алганда чаташып баратат.

Базаркоргон районунан Нурбек Маматкуловдун пикирине караганда саясий уюмдар энергетика тармагын жеке менчикке бергени жатканы, жашоонун оордугу үчүн бийликти сындаганы туура. Бирок социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү камсыз кылуу үчүн алар да өкмөткө өбөк-жөлөк болуусу зарыл. Ансыз саясий партиялардын иши жай турмушта сезилбей калды, өткөн жылдагы референдум менен парламенттик шайлоодон кийин партиялардын бар же жок экени байкалбай жатат:

- Бийликти сындап жаткандыгы негизинен азыр пансионаттарды казактарга бергени, көп жерлер сатылып кетип аткандыгы бул чын.

Саясий партиялар жөнүндөгү мыйзам «Ак жолдун» гана пайдасын көздөп жаткан жери жок. Ал мыйзам бардык партиялар үчүн зарыл. Мыйзамдын кабыл алынышын жактаган партиянын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемировдун көз карашында эмки шайлоодо балким «Ак жолдон» башка партия көпчүлүк добушту ээлер:

-Эртеңки күнү башка партия көпчүлүк добушту алаар. Мүмкүн Коммунисттер, же СДПК, же “Асаба” алаар. Бул үч жылдык эле закон эмес да, бул закон Кыргызстандын келечегинде боло турган, эмдиги келе турган шайлоолорго дагы ырасталып алыныш керек. Ошондуктан “Ак жол” партиясынын гана кызыкчылыгы болуп калды деген туура эмес.

Коомчулукта калыптангандай, идеалдуу партия эл менен тыгыз иштөөсү зарыл. Эл көзүнө көрүнөөрлүк жумуш жасайын деген партияны каражат жагы алсыратат. Облустагы бейөкмөт уюмдардын өкүлү Мураталы Үчкемпировдун көз карашы боюнча каржылоо маселеси чечилмейин эл арасына «шайлоочулар партияларга саясий талаш-тартыш, шайлоо-референдумдарда гана керек» деген пикир үстөмдүк кыла берет:

-Азыр эл үчүн көргөн камкордук шайлоодон кийин көп деле көрүнбөй жатат.

Тескерисинче, саясий партиялар калың элди унутуп, өз кызыкчылыгын гана көздөп калды деген пикирге кошулууга болбойт. Облус тургуну Маман Доулдаевдин айтымында, «Ата мекен» партиясы ушул тапта энергетика тармактар менен жаратылыш байлыктарын сатууга каршы чыгып, элдик курултайдын чечимдерин андан маалыматсыз калган элге түшүндүрүүдө. Уюмдун учурдагы кырдаал талкууланган жыйындарында бийликтин жөндөмсүздүгү өлкөгө жакшылып алып келерине ишенич аз. Партия күзүндө боло турган жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна кызуу даярдык көрүүдө деп айтты Маман Доулдаев:

- Элге туура маалымат жетпей жатат. Жакында болуп өткөн курултайдын чечимдерин элге жеткирүүдө биздин партиянын мүчөлөрү эл арасында баракчаларды, DVD дисктерди таркатуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Биз энергетика тармактарын, жерлерди, кен байлыктарды жеке менчикке сатууга, жең ичинен бөлүштүрүүгө каршыбыз. Азыр биз учурдагы кырдаалга туура баа берип, бийликтин жөндөмсүздүгү өлкөгө жакышылык алып келерине ишенбей калдык.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG