Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Муса Мураталиев, Москва Евробиримдик менен Орусиянын стратегиялык алака түзүү келишими боюнча баштаган сүйлөшүүлөрүнө Литва каршы чыгып, болтурбай койду. Люксембургда өткөн Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлердин жыйынында Литванын өкүлү ал уюм менен Орусиянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/C5A8188F-CB56-48DC-862D-026D9AD451C1.asp ортосунда келишим мөөнөтүнүн узартылышы боюнча маселенин күн тартибине коюлушун бекитүүдөн баш тартты. Бул үчүн Москва адегенде литвалык кара май иштетчү заводго койбой калган нефтисин калыбына келтирүүнү жана Грузия сыяктуу мурдагы советтик өлкөлөр менен болуп жаткан кармашууларын тынчтык жолу менен жөнгө салууну талап кылган.

Евробиримдикке кирген өлкөлөрдү тышкы иштер министрлеринин жыйыны бул жолу мөөнөтү өтүп бараткандыктан 1994-жылы Орусия менен түзүлгөн кызматташтык жана өнөктөштүк келишимин карап чыгышмак болушкан. Бирок андай сунушка Литванын өкүлү каршы чыгып, маселе күн тартибине кирбей калган. Баса, Евробиримдигине кирген өлкөлөрдүн ички тартибине жараша анын бир эле өкүлү каршы чыкты дегиче маселе талкууланбай калат.

Расмий Вильнюстун билдирүүсүнө ылайык «Дружба» кууру аркылуу жеткирилип, ар күнү 27 400 тонна кара май кайра иштетип туруучу Mazeikiu Nafta сооту токтоп калган. Андан бери сегиз ай өтсө да, Москва “куур тешилгенден улам болду” деп кара майын жүктөөнү токтотуп салган. Литва болсо мындай кадамдын артында саясий кысым бар экенин белгилеп, “биз экинчи Польша болуп жатабыз” деп айткан.

Литванын президенти Валдас Адамкус буларды айтат:

-Литва энергия кубатын өндүрүүчү отун менен камсыз кылуу чөйрөдөгү коопчулуктун Евробиримдиги менен Орусиянын ортосунда кепилдүү болуусун каалайт.

Кабарларга ылайык, Орусияга каражат төлөө талабы менен Латвия да кайрылмак болуп жатат. Ал өлкөдө коммунисттик режим Латвияга алып келген бүлүнүү боюнча өкмөтүк комиссиянын иши аяктаган. Анын жетекчиси Эдмунд Станкевич буларды айтат:

-Советтик режимдин катышуусу менен Латвияда чыгымга учуроо 27, 8 миллиард доллар өлчөмгө жетет. Даярдалаган документте 1941-49-жылдардагы сталиндик эки жолку депортация гана кыстарылды. Сүргүнгө кеткендерди саны 578 975 адамды түзөт.

Байкоочулар андай кинеге орусиялык тарап советтик кезде “ал республикалар өнүгүп өскөн, соот, фабрикаларды жандандырганбыз, поезд, кеме, учактарды жасап бергенбиз” деп алардан Кремль акы сураса эмне болот дешет.

Андай суроого Балтика боюндагы жумуриятардын адистери «ал кезде биздин жерлерге Москвадан инвестиция келген, ал кийин өз баасын толук актап алган», - деп жооп кайтарууда.

Ал эми Балтика боюндагы өлкөлөр тарткан запкыны изилдеп келе жаткан тарыхчы Елена Зубкованын айтымында, бул мамлекеттер талабы Орусияга катуу эскертүү жасайт. Анын себебин Е.Зубкова мындайча чечмелейт:

-Эгерде Орусия кокусунан алар койгон талап боюнча акы төлөсө, анда бүтүндөй Советтер союзуна кирген өлкөлөргө акы төлөөгө туура келет.
XS
SM
MD
LG