Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

НАТО Орусиянын Абхазиядагы кошумча аскер күчтөрүн көзөмөлдөйт


Грузин-абхаз аймагында Орусия кошумча он бештей көзөмөл-күзөт бекетин түзөт жана региондогу бейпилдик күчтөрүнүн санын көбөйтөт. Мунун жүйөөсүн орус тарап жаңжалдуу аймакта кырдаал кескин курчуп кеткени менен түшүндүгөн эле. Бирок бул чечимди АКШ да, Евробиримдик да сындашты. Орусия болсо ага кокус Грузия күч колдоно баштаса, анда Москва өз жарандарын коргоо үчүн тийиштүү чараларды көргөнгө аргасыз болот, деп жооп кайтарган.

XS
SM
MD
LG