Учурда өкмөт бул маселени чечүүнүн үстүндө иш алып барууда. Бул тууралуу өкмөт башчы И. Чудинов кечээ азык-түлүк коопсуздугу боюнча парламенттик угууда билдирди. Анын айтымында, колунда жок үй-бүлөөлргө арзан баада берүү үчүн 8 тонна ун бар. Премьер-министрдин белгилешинче, учурда Кытай өкмөтүнүн грантынан 70млн 900миң сомго дагы кошумча ун сатып алуу жөнүндө өкмөттүн буйругу даярдалууда.(MSu)