Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Эки күн мурда, 29-апрелде Беларуссияда президент Александр Лукашенко калкка жылдык кайрылуусун жасады. Аналитиктердин пикиринде, президенттин айткандары жана конфронтациялык мүнөздөгү соңку кадамдар расмий Минскинин Батышка жагынуу аракети аяктаганын ишара кылууда. Кечээ болсо Минск АКШнын он дипломаты өлкөдөн 72 сааттын ичинде чыгып кетүүсүн талап кылды.

Александр Лукашенконун калкка жасаган кайрылуусунун эртеси эле расмий Минск 72 сааттын ичинде өлкөдөн америкалык он дипломатты чыгаруу чечимин жарыялады. Мындай чара адам укуктарына байланыштуу эки өлкө ортосундагы талаш- тартыштан улам жана Вашингтон тарабынан киргизилген экономикалык санкцияларга жооп ирээтинде жасалууда. Мунун алдында Вашингтондогу элчилигиндеги кызматкерлеринин санын алты адамга азайткан Беларуссия Кошмо Штаттардын ушундай кадамга баруусун быйыл эки ирээт талап кылган эле.

Америкалык тарап беларус бийликтеринин бул соңку чечимин "өзүн -өзү актабаган" жана "мыйзамсыз" деп атады. АКШ Беларуссиянын мамлекет карамагындагы мунай-химиялык "Белнефтехим" компаниясына каршы санкцияны өлкөдөгү авторитардык режим демократиялык реформаларга жол ачып, камактагы саясий туткундарды абактан бошотуусу үчүн кысым көргөзүү максатында киргизгенин билдирген.

Президент Александр Лукашенко калкка жасаган кайрылуусунда Батыштын саясий туткундарды бошотууну талап кылууга эч кандай укугу жок экенин белгиледи. Өзгөчө камакта жаткан оппозиция лидери Александр Казулиндин маселелине токтолгондо, кооздоп сүйлөөдөн тартынган жок:

-Ал абактан бошотулушу үчүн бүткүл дүйнө кийлигишүүсүн жана беларус бийликтери алардын жапырт кысымы алдында калышын эңсейт. Сен деги кимге керексиң? Сени, кечирип коюңуздар, дааратканадагы кагаздай колдонуп, таштап коюшат. Сен болсо бирөөгө керекмин деп ойлойсуң. Бул - өткөн доор.

Мурда университеттин ректору болгон Александр Казулин 2006-жылдын мартындагы шайлоодо Лукашенкого атаандаш катары чыккан эле. Андан киийин шайлоо жыйынтыгына каршы массалык нааразылык акцияларды уюштурганы үчүн камакка алынып, беш жарым жылга түрмөгө кесилген болчу.

АКШ жана Еврошаркет Беларусия менен алакасы оңолушу үчүн анын бошотулушун талап кылган. Аналитиктердин пикиринде, Лукашенконун калкка жасаган соңку кайрылуусу өлкөнүн Батыш менен ансыз деле жакшы эмес мамилеси тездик менен курчуп жатканынын, ошондой эле Минск кайрадан Орусиянын саясий орбитасына кайта баштаганын каңкуулады. Минскилик саясий талдоочу Валерий Карбалевич мындай дейт:

-Лукашенко Орусия менен мамиле азырынча жаман эмес болуп турган шартта, Батыш менен кандайдыр бир оюн ойноонун кажети жана мааниси жок деп чечти. Андыктан ушул себептер беларус бийликтеринин жаңы саясатын шарттады.

Былтыр жыл башында Орусия газ үчүн базар баасында төлөөнү талап кылганда, Лукашенко АКШ жана Еврошаркет менен алакасын оңдоого аракеттенгендей болгон. Бирок жакындашуу жараяны бирнече маселелер, өзгөчө ал абактагы мурдагы атаандашы Казулинди бошотуудан баш тартканынан улам токтоп калган эле.

Натыйжада саясий туткундардын баарынын бошотулушун талап кылган Еврошаркет виза боюнча чектөөлөрүн жойгон жок, АКШ мунай –химиялык "Белнефтехим" ишканасынын банк эсептерин тоңдуруп, америкалыктардын аны менен иштөөсүнө тыюу салды. "Белнефтехимге" өлкөнүн чет элдик валюта боюнча кирешесинин ири бөлүгү таандык, эл арасындагы ушак –айыңдарга караганда, ал ишкана - Лукашенконун жеке байлыгынын да негизи булагы.

Ошол эле учурда Москва менен Минскинин мамилеси кайра тездик менен жакшырды. Орусия 2008-жылдын экинчи кварталынан тарта көгүлттүр оттун миң кубометрин 128 доллардан, башкаларга салыштымалуу кыйла арзан сатууга макул болду.

Минск болсо Кошмо Штаттардан элчилигинде беш эле адамды калтырууну талап кылгандан тышкары, демократияны колдогон активисттерге каршы өнөктүгүн күчөттү. 22-апрелде эле оппозициянын эки активисти Андрей Ким бир жарым, Сергей Парсиукевич эки жарым жылга соттолушту.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG