Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

ИСХАК МАСАЛИЕВ: ЭМГЕКЧИЛЕР ТИЛЕКТЕШТИГИ ЧЫҢДАЛЫП ЖҮРҮП ОТУРАТ


Бүгүн 1-Май эмгек жана эмгекчилердин тилектештик майрамы. “Азаттыктын таңкы уктурууларында Кыргызстан коммунисттеринин лидери Исхак Масалиев бул майрамдын Кыргызстан үчүн мааниси тууралуу маек курду.

-Коммунисттер бүгүнкү майрамды кандай белгилеген жатасыздар?

- Кыргызстанда бүгүнкү күн расмий кабыл алынган майрам болуп эсептелет. Ошондуктан Лениндин эстелигинby жанында бизди колдоочулар менен жолугушуп, салтанаттуу митинг өткөрүп, концерт менен коштоп, кичине сый тамак берели деген оюбуз бар. Он беш күн мурда мэрияга билдирүү бергенбиз. Алар каршы болгон жок.

-Эгемендик жылдардан берки мезгилде коммунисттер мынчалык деңгээлде майрамдашчу эмес эле. Быйылкы активдүүлүктүн себеби эмнеде?

-Турмуш өзү көрсөтүп жатпайбы, бара-бара социализмдин тушундагы жетишкендиктерди биз жоготуп кетип баратабыз. Аларды колдон келсе сактап өнүктүрүп кетсек жакшы болмок. Майрам өткөрүш өзү чоң жумуш да. Эмгектенген элге эс алганга да шарт түзүп бериш керек. Биздин партиянын майрамдарды өткөрүшкө мурда шарты жана мүмкүнчүлүктөрү жетишпей жаткан. Азыр спонсор табылып жардам берип аткандан кийин салтанаттуу митинг өткөрүп, концерт менен коштоп белгилеп кетели деп атабыз.

- Сиз коммунисттик тарбияда чоңойдуңуз. Ошол социализм учурундагы майрам менен азыркы майрам экөөнүн табиятында өзгөрүүлөр барбы?

- Социализм мезгилинде бүт шаардык мекеме-уюмдар, ишканалар, окуу жайлар ушул күнү борбордук аянттан параддан өтүшчү. Областтык борборлордо да салтанаттуу жүрүштөр болчу. Эми андай шартты биз кыла албайбыз. Азыр адамдар өз ыктыяры менен келип, майрамдык иш чарага катышып кетишет. Албетте, өзгөрүүлөр бар. Кечээ президентибиз К. Бакиев элге куттуктоо сөз менен кайрылуу жасады. Мен ишенемин, убакыт келет, бул эл үчүн чыныгы майрам болот.

- Демократиялык жолдо өнүгүп бараткан өлкөлөрдө бул майрамдын мааниси жоголуп баратат деген пикирлер бар. 1-Майдын келечектүү майрам болуп калаарына Сиз чын эле бекем ишенесизби?

-Көзүм жетет, сөзсүз ишенем. Кандай болгон күндө да капиталисттик коомдун көп кемчиликтери бар. Эң оор абалда баары бир жумушчу табы болуп атпайбы. Ошондуктан убакыт келгенде эмгекчилердин эл аралык кыймылы күчөп, чыңдалып жүрүп отурат деп ойлойм. Эч качан жумуш берген адам өзүнүн байлыгын эч ким өз ыктыяры менен бөлүшпөйт.

- Коммунисттик партиянын катарында канча адам бар азыркы күндө?

- Азыркы күндөгү эсеп боюнча беш миңден ашык коммунист болуп жаңы партбилет менен катталган. Ошол эле учурда миңдеген адамдар эски партбилет менен өздөрүн коммунист катары эсептешип, шайлоо учурунда бизге кошулуп активдүү иштеп жатышат.

Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG