Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

14:58 И.Масалиев: Бүгүнкү майрамдын маанисин Коммунисттик партия гана жакшы түшүнөт


Бүгүн Коммунисттер партиясы Бишкек шаарындагы эски аянтта 1-Май майрамына карата иш-чара уюштуруп, Лениндин эстелигинин алдында салтанаттуу жыйын өткөрүштү. Ошондой эле Коммунисттер партиясы чогулган элге концерт тартуулап, чакан чай ичүү уюштурушту. Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиевдин айтымында, СССР доорунда бул майрам учурунда чоң парад өтүп, чоң маани берилчү. “Бул күн майрам болгону менен бийликтегилер аны майрамдоого азыраак көңүл бурулуп атат. Анткени бийлик муну коммунисттердин майрамы, эгер көбүрөөк көңүл бурулса коммунисттерге ишеним көбөйүп кетет деп коркушат. Ошол себептүү бул майрамдын маанисин биздин партия гана жакшы түшүнөт”, - дейт Исхак Масалиев. (IJz)

XS
SM
MD
LG