Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Ж.АКИМАЛИЕВ: КЫРГЫЗ ДЫЙКАНДАРЫ 5 МИЛЛИОН КАЛКТЫ БАГА АЛАТ


Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу тууралуу “Азаттык” үналгысына айыл чарба --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/CFCCEC17-1359-4FA0-942B-42B7280FEBCF.asp тармагы боюнча өлкөдөгү белдүү адис, Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев маек куруп берди.

-Жамин мырза, азыр эми жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнө боюнча азык-түлүк каатчылыгы келе жатат деген коңгуроо кагылып жатат. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, бул маселе Кыргызстанда деле оңойго турчудай көрүнбөй калды. Азык-түлүк менен калкты ырааттуу жабдуунун кандай жолдорун айта аласыз?

-Мунун эң туруктуу, жакшы жолу - биздин мамлекеттин, өкмөттүн саясатын таамай, так жана туруктуу жасаш керек. Ал эмне саясат? Ал биринчи кезекте биздин өзүбүздүн дыйкандарды бардык тараптан колдоп, ошол дыйкандардын биздин беш миллион калкыбызды биринчи кезекте пайдаланчу азык-түлүктөр менен камсыз кылууга шарт түзүү керек. Бул боюнча токтомдор, сөздөр абдан көп. Бирок ошол чындыгында ишке ашпай жатат.

Мен айтайын, мына кийинки жылдарда учурдагы өкмөттүн берген жардамы кыйын болсо дыйкандардын керектөөсүнүн он гана пайызын түзөт. Чындыгында азыр убакыт жетти, биздин дыйкандарга керек болсо, субсидия, дотация берип, айыл чарбасын көтөрмөйүнчө азык-түлүк коопсуздугу эмес, жалпы өлкө алдыга кете албайт.

-Мисалы, кечээ өткөн парламенттик угууда бир топ депутаттар дыйкандар караманча жер иштетпей калышты деп аларга доомат коюп жатышат. Алар иштебегендердин жерин алып коюуга чейин барууга керек деп жатышат. Ушундай жол менен кырдаалдан чыгууга болобу?

-Сөзсүз ал жол менен чыгууга болбойт. Анткени жер элди багып жатат. Мына чындыгында эле бизде жыл сайын 150 миң гектар жерден айдоо жерлер пайдаланылбай кысыр калууда. Бул өзү жакшылыкка алып келбейт. Мунун негизги себеби айыл чарба агрардык реформасынын туура эмес жүргүзүлүп, мурдагы 400 ири колхоз-совхоздордун ордуна 300 миң майда чарбалардын түзүлүп калышынын кесепети болуп жатат. Ошондуктан ошол жерлер пайдаланылбай, өзүнүн түшүмүн бере албай жатат.

Мунун бир гана жолу бар. Ал жерди тартып алууга акылдын деле кереги жок. Ошол жерди пайдаланууга мен айткандай жардам көрсөтүп, шарт түзүш керек. Экинчиден, майда чарбаларды өздөрүнүн ыктыяры жана өзүнүн жеке менчик укугун сактап калуу менен эрлештирүүгө ишке киришиш керек. Сөз көп бул жерде дагы. Бул жерде саясий эрк керек. Уюштуруучулук иштер керек. Ошондо гана биз жерди пайдаланып, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла алабыз.

-Азыр эми ушул азык-түлүктүн эле негизги өндүрө турган - бул эгин маселеси. Эгиндин ахыбалы быйыл кандай?

-Эми мына биз башка өсүмдүктөрдү айтсак болбойт. Совет доорунда биз жыл сайын 2 миллион тоннага чейин дан өндүрүп келгенбиз. Ал эми кийинки эле доордо, 2001-жылы биз 1 миллионго жакын тонна буудай өндүргөнбүз. Бул өзүбүздүн элибизди толук камсыз кылат. Былтыр болсо 700 миң тонна гана өндүрүп калдык. Ошол дыйкандарга шарт болбой, буудайдын баасы төмөн болуп, зыянга турган үчүн элдер сеппей койду.

Эми башкасын койсок дагы, биз дүйнөлүк тенденцияга шылтоо кылбай элибизди нан, картөшкө, эт, сүт, май менен камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Мына ушул мүлктөрдү пайдаланып, өкмөт бир убакытта эле айтып койбостон, дайыма туруктуу жардам көрсөтүшү зарыл.

-Сиз дыйкандар иштебей, сеппей койду деп жатпайсызбы. Дыйкандар эгин эмес башканы дагы сеппей жатышат, мунун себеби тышкары жактан азык-түлүктөрдүн көп келип жатышы менен байланыштуу эмеспи?

-Сөзсүз ал менен байланыштуу. Биринчиден, азыр сырттан келген экспорттун саны айыл чарба боюнча 60 пайызга жетип кетти. Бул абдан туура эмес. Экинчиден, эгин боюнча биз элибизди нан менен толук камсыз кылуу күч болуп жатса дагы биздин өкмөт эмитен Казакстандан 350 миң тонна буудай сатып алабыз деп пландаштырып жатышат. Казак туугандар бизге 5-10 эсе кымбат сатат.

Ошол кеткен акчаны эмне үчүн дыйкандарга бербесин? Себеби ошол 300 миң тоннага кеткен акча менен биз 1 миллион тонна дан өндүрсөк болот. Мен дагы бир жолу айтам, өзүбүздүн Атамекендин айыл чарбасын өндүрүп жаткан дыйкандарына түздөн-түз жардам көрсөтмөйүнчө бул маселе чечилбейт.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG