Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

БИРИНЧИ МАЙ: БИРӨӨГӨ - МАЙРАМ, БИРӨӨГӨ - ТОПОЛОҢ


Биринчи майды – эл аралык эмгек күнүн - дүйнөнүн көп жерлеринде шаңдуу параддар, ошондой эле нааразылык демонстрациялары, атүгүл массалык тополоңдор менен белгилеп жатышат. Өзгөчө өнүгүп жаткан өлкөлөрдө азык-түлүктүн --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/E7464F46-F0D0-40B1-B4C7-C80B45CC758A.asp жана бензиндин кымбаттап баратканына байланыштуу өкмөттөрдүн саясатына кескин сындар айтылды.

Филиппинде өлкөнүн борбору Маниланы аралап жүрүш өткөргөн миңдеген адамдар өкмөткө жана президент Глориа Арройого нааразылык билдиришти. Жүрүшкө катышкандар жумуш менен камсыз кылууну, азык-түлүк кризисинен, жанар майлардын кымбатташынан калкты коргоого чакырышты. Демонстранттар президент Арройодон тамак-аш каатчылыгын чечүүнү, коррупцияны токтотууну талап кылышып, мамлекет башчысынын саясаты калктын таламдарына кайчы чыгып жатканын айтышты.

Прогрессивдүү жумушчу күчтөр союзунун баш катчысы Жозуа Мата соңку айларда өлкөдө күрүчтүн баасы эки эсе кымбаттаганын, калкты жапырт ачарчылык каптаганы турганын эскертти. Ачкалыктын азарын тарта баштаган миңдеген филиппиндиктер, жумушчулар атынан ал элдин муктаждыгын чече алгыдай саясат жүргүзө албай жаткан өкмөттүн алсыздыгын жана ыкшоолугун айыптады.”Өкмөт утурумдук гана чараларды көрүп жатат, анын баары тамак-аштын тартыштыгын азайта албайт”, - деп айтты жумушчу күчтөр союзунун лидери.

Коңшулаш Индонезияда да профсоюздар уюштурган демонстрациялар болуп өттү. Жакартадагы жүрүшкө он беш миңдей киши катышып, айлык акыларды жогорулатууну, өлкөнү кыйгас каптап бараткан кымбатчылыкка каршы чараларды көрүүнү өкмөттөн талап кылышты.

Стамбулда болсо демонстранттар полиция менен кагылышты. Жумушчулардын солчул федерациясы чогулткан жыйынды таркатуу үчүн жаш агызма газ колдонулду, бир нече киши кармалды, жоон тобу жабыркады.

Германиянын Гамбург шаарында майрам алдында жаштар аламандап тополоң салышты. Дүкөндөрдүн терезелерин талкалап, баррикаларды куруп, аларга өрт коюшту. Полиция албууттанган жаштар менен бир нече саат кармашты.

Германияда, Европанын калган аймактарында да бүгүн кара тополоңдор чыгышы мүмкүн деп азырланып турушат.

Бул көрүнүштөрдөн айрымаланып, Россияда бүгүнкү күн бүткүл өлкө боюнча шаңдуу параддар, оюн-шооктор менен белгиленди. Майрамдык маанайды бузгудай окуялар болгон жок.

Сүрөт itar-tass.com интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG