Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Ушу тапта Дүйнөлүк банктын Майлусуу --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/04/D7E44E56-AD29-4A88-A64F-D6D044206F7E.asp шаарындагы уулуу зат калдыктарын зыянсыздандыруу программасы боюнча жергиликтүү эл ичип жаткан сууну иликтөө иштери жүрүүдө. Майлусуулуктар ичип жаткан суунун кошулмасында зыяндуу зат калдыктарынын өлчөмү өтөле көп экендиги ырасталды.

Кыргызстанда ушу тапта экологиялык оор проблеманы тереңдетип келаткан элүүгө жакын уулуу зат калдыктары, 80 ашуун тоокен үймөктөрүндө 70 миллион ашуун кубметрди түзгөн уран кенинин калдыктары бар. Дүйнөлүк банктын ушу тапта ишке ашырылып жаткан долбоору боюнча Майлусуудагы жергиликтүү калк ичкен суу текшерилүүдө.

Майлусууда уран казып алуу 1946-жылы башталып, 60-жылдардын аягына чейин созулган. Совет өлкөсүнүн айбаттуу куралына керектүү кенди чейрек кылым иштеткен коммунисттик империя урап, Майлусуудагы 23 уулуу зат калдыктары үйүлгөн дөбөлөрдүн тоодой проблемасы Кыргызстандын мойнуна илинген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин радиациялык уулуу зат калдыктары сакталган жайларга байкоо жүргүзүү департаментинин жетекчи орунбасары Анаркул Айталиевдин ырасташынча, Майлусуунун проблемасын чечүүгө оголе көп каражат талап кылынат:

- Объекттердин баарын бүтүрүш үчүн 60 миллиондой доллар акча керек. Биринчи иретте жасалчу иштерге бир 20 миллиондой акча керек. Ошонун ичинде ушу тапта Дүйнөлүк банк берип аткан 7 миллион доллар акчаны кандай пайдаланып жатканыбызды айтып жатабыз.

Мына ушул долбоордун негизинде Майлусуудагы жергиликтүү калк ичип жаткан сууну изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Аны ишке ашырып жаткан Германиянын геоилимдер жана жаратылыш ресурстары – BGR институтунун өкүлү Хаген Гунтер Юнгдун ырасташынча, сууда зыяндуу зат калдыктарынын өлчөмү көп экендиги аныкталды:

- Анализге алынган 50% суунун химиялык, радиологиялык өлчөмү Европа биримдиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген жогорку чектен ашып кеткен. Ошондон BGR ичкенге, пайдаланганга негизги түтүк менен келген сууну гана колдонууну сунуш кылды. Шаарды суу менен камсыз кылчу бул суу уран чыккан кенден окчун жерден сордурулуп алынат.

Хаген Гунтер Юнг Майлусуудан иликтөөгө алынган сууларда зыяндуу зат калдыктары белгиленген өлчөмдөн 150 эсе көп экендигин маалымдады:

- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген чек боюнча суунун өлчөмүндө зыяндуу зат калдыктары 1 литр сууга 0,15 микрограмдан ашпаш керек. Биз иликтеген сууда анын өлчөмү 100-150 микрограмга жетти. Кээде ал миң микрограмдан да ашып кетти. Бул эми уулуу зат калдыктары турган жерден алынган суулар болчу. Биз ичкенге жарайт деген сууда зыяндуу зат калдыктарынын өлчөмү 100-150 микрограмга жетет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин радиациялык уулуу зат калдыктары сакталган жайларга байкоо жүргүзүү департаментинин жетекчи орунбасары Анаркул Айталиевдин маалымдашынча, мындай изилдөө-иликтөө иштери дагы улантылмакчы.

- Майлусуу суусунда чектүү нормадан ашуун радионуклиддердин кошулуп калышы жанагы объекттердин жанынан чыкканынан. Ошон үчүн ал объекттерди коргоп, атайын долбоорлорду жасап жатпайбызбы. Коркунуч болбосо аларды жасоонун кандай кажаты бар эле?

Бирок да ошондой ууланган сууну жалаң Майлусууда жашагандар гана ичип жаткан жок. Ошол эле Сумсар, Шакаптар, Кажысай, Миңкуштагылардын кандай суу ичип жатканы азырынча кылдат иликтөөгө алына элек.

Сүрөт bbc.co.uk интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG