Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:22

Кыргыз аялдары --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/45CC78D1-97BF-44DC-9DEE-BD327196A5A3.asp башка чыгыш аялдарына салыштырмалуу коомдо өзүнчө орун ээлеп келишкени белгилүү. Тарых барактарында өткөн замандагы түштүк кыргыздарды кыргынга учуратпай сактап калган Курманжан датка, Кокон хандыгынын ордосунда аздыр-көптүр саясат жүргүзүүгө салым кошкон Жаркынайым тууралуу жазылган. Жергиликтүү серепчилердин айтуусунда, азыркы учурда да Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан аялдардын бараандуу салымысыз бүгүнкү Кыргызстандагы саясий турмушту элестетүү мүмкүн эмес.

Кыргыз аялдарынын саясаттагы орду тууралуу кеп болгондо көбүнчө Курманжан датканын аты аталат. Карамагындагы элдин баарын “кыңк” эттирбей башкарып турган Кокон хандыгынын тушунда эл башкарган эркектер менен тең ата түштүк кыргыздарды сырттагы душмандарга кор кылбай бийлеген Курманжан датка бүгүнкү күндө да демократия үчүн күрөшкөн аялдар үчүн үлгү болуп келет.

Тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымовдун айтуусунда кыргыз аялдары байыртадан эле эркектер менен бирге эле коомдук иштерге активдүү аралашканы 18-19-кылымдарда Кыргызстанга келип кеткен тарыхчы, окумуштуу, саякатчылар тарабынан белгиленип келген:

-Тарыхый маалыматтарга карап көрсөк, 19-кылымда эле Жаркынайым – Шералы хандын жубайы, ошол Кокон хандыгында дээрлик 30 жыл бою ордодо өтө таасирлүү айымдардан болуп келген. Ал эми Курманжан датка чындыгында кыргыз элине гана таанымал эмес, анын атагы бул жагы Кытайга, Бухарага, Орусияга, айрым чет өлкөлөргө чейин даңазалуу болгон. Ал акылмандыгы, меймантостугу, элдик салтты өтө жакшы билгендиги менен ошол кездеги Кыргызстанга келген тарыхчы, окумуштуу жана саясий ишмерлерди өтө таңгалдырып келген.

Ошондой эле өткөн кылымдын 30-жылдары ошол кездеги теңсиздикке каршы чыгып, келечек үчүн жанын берген дагы бир аял Уркуя Салиева да коомдо демократия үчүн күрөшкөн аялдардын бири экендигин тана албайбыз, дейт Кыяс Молдокасымов:

-Азыркы демократиялык коомдо эмес, совет бийлиги жаңыдан орноп жаткан ошол 30-жылдары өтө мыкты, эркектерден ашып түшүп, өзүнүн айылын, өзү жашаган чөлкөмдү башкарганга өтө таасирдүү аял катары Уркуя Салиеваны кароого болот. Коңшулаш өзбек-тажик элдеринин таасири менен ошол кезде түштүк Кыргызстанда да “аялдардын орду очоктун боюнда” деген түшүнүк болгон. Бирок мына ушуга карабай, Уркуя Салиевадай көз карандысыздыкка умтулган, ал үчүн күрөшкөн аялдын чыгышы – жалпы эле кыргыз деген улуттагы, түштүктөн болобу, Таластан чыгабы, көлдүк болобу же башка жактанбы, аялдардын эркин болгондугунан кабар берет.

Совет доорунун тушунда да Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна салым кошкон аялдар көп болгону менен өлкө эгемендик алганы аялдардын саясаттагы орду өзгөчө күчтөнгөнү айтылып келет. Коомдук уюмдардын пайда болуусу менен аялдар өлкөнүн ар тараптан өнүгүшү үчүн түрдүү салымдарын кошуп келе жатышат. Ушул тапта Кыргызстандагы 2 миңден ашуун коомдук жана бейөкмөт уюмдардын тең жарымынан көбүн аялдар уюштуруп, аялдар жетектейт. Ошондой эле март ыңкылабынын ишке ашуусуна да аялдардын салымы чоң болгону тууралуу көп айтылып жүрөт.

Байкоочулардын айтуусунда ушул тапта адам укугу жана демократиянын өнүгүшү үчүн жан үрөп иштеп келе жаткан көрүнүктүү аялдар учурда Кыргызстанда саналуу эле. Бул аялдар айрым аткаминерлердин жана күч кызматкерлеринин “ушул катындар тынбады, кайда болсо ушулар жүрөт” деген кыжырдануусун пайда кылганы менен көпчүлүктүн ою боюнча коомчулуктун пайдасы, демократиянын өнүгүшү үчүн бараандуу иш жасап жатышат, дешет алар.

Социал-демократтар партиясынын координациялык кеңешинин мүчөсү, ЖК депутаты Бакыт Бешимов бийликтин режимине каршы күрөшкөн аялдар март ыңкылабын ишке ашырууда да чечүүчү күчкө ээ болгонун белгиледи:

-Алардын арасында укук коргоочулар Азиза Абдурасулова, Төлөйкан Исмаилова бар. Алар адилеттүүлүк, чындык болсун, демократия деп, коррупцияга каршы күрөшүп, бийликтин режими менен күрөшүп, канча жылдан бери тынбай күрөшүп келе жатышат. Ал эми биздин Роза Отунбаева союздун тушунда Тышкы иштер министрлигинде иштеп, АКШда, Британияда элчи болуп иштеп келди. Кыргызстанга келип, анын эркиндик жана демократиясына өтө чоң салымын кошту. Роза айым март ыңкылабынын да эң негизги локомотиви болгонун баары билет.

Бирок ошол эле учурда Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан аялдарга каршы иштеп, бийликтин камчысын чаап жаткан аялдар да жок эмес. Мындай аялдарды бийлик өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, оппозицияга каршы жана анын иш-аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу максатында колдонуп келет, деген пикирлер да бар.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин координатору Мэри Бекешова “аялдарды мына ушундай жолго түртүп жаткандар – эркектер”, деген оюн төмөнкүчө бекемдеди:

-Мамлекеттин саясий оор кыдаалда турган учурда аялдардын ролу аябай чоң. Муну тарых көрсөтүп келе жатат. Ошондуктан, ар кандай тукурук менен туура эмес иштерди жасоодо жалаң аялдарды күнөөлөө туура эмес. Анткени алардын ичинде эркектер да бар. Арасына кирип албаса да, ошол аялдарды баштап, аларга көрсөтмө берип жүргөндөр – эркектер.

Мэри Бекешованын оюн кубаттаган “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова бийлик аялдардын социалдык көз карандылыгынан пайдаланып жатат, деп эсептейт:

- Бийлик аялдардын социалдык көз карандылыгын, экономикалык жактан алсырап турганыбызды, алардын билимсиздигин, түшүнбөгөндүгүн пайдаланып, ошолордун күчү менен оппозицияга каршы туруп атат. Бул дагы болсо биздин бийликтин алсыздыгын, билимсиздигин айгинелеп турат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG