Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Нью-Йорктогу Журналисттерди --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/47CD9AA8-DDB0-4817-A116-8BCCD6D64B3A.asp коргоо комитети медиа өкүлдөрдүн өмүрүн кыйгандар жазасыз эркин жүргөн өлкөлөрдүн тизмесин аныктады. Он үч мамлекеттен турган тизмеде Колумбия, Индия, Орусия жана Филиппин сыяктуу мамлекеттер бар.

Серепчилер журналисттерди өлтүргөндөр жазаланбай эркиндикте жүрүшү - ар дайым басма сөзгө коркунучтуу белги болоорун айтып келишет. Мындай окуялар көп орун алган өлкөлөрдөгү өкмөт айыптуулар табылып, сот жообуна тартылышы үчүн реалдуу чараларды көрүшү керектигин белигилешет.

Журналисттерди коргоо комитети 3-май дүйнөлүк Басма сөз күнүн утурлай жарыялаган билдирүүсүндө тизмедеги өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө согуштук аракеттер болбосо да журналисттер буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн курмандыгы болуп жатканы айтылат.

Өзгөчө Түштүк Азияда журналисттер опурталдуу кырдаалда иштешет. Бул аймакка кирген Шри-Ланка, Ооганстан, Непал, Бангалдеш, Пакистан, Индия журналисттерди өлтүргөндөр табылбаган мамлекеттер тизмесинин жарымын түзөт.

Тизме башында Ирак турат. Коогалаңдуу бул мамлекетте журналисттер көпчүлүк учурда куралдуу жаңжалдар маалындагы жардыруудан же кокустуктан эмес, атайын буйрутма киши өлтүрүүдөн ажал табышат.

Экинчи орунда - Сьерра-Леон. 2002-жылы аяктаган он бир жылдык атуулдук согуш өлкөдө көп ажалдын себеби болду. Бир нече журналисттин өлүмү иликтенип соңуна чыкпай, айыптуулар жазаланбай келет.

Сомали тизмеде үчүнчү. Андан кийин Колумбия. Бешинчи орунда Шри-Ланка. Тизмеде алтынчы болуп турган Филиппинде маалымат каражаттары салыштырмалуу эркин болгонуна карабастан саясат, коррупция, ар кандай кылмыштардан улам бир катар журналисттер зордук-зомбулука кабылышат. Саясий ишмерлер, полициячылар журналисттер өлүмүнө себепкер катары кармалган, бирок жергиликтүү соттордогу коррупция алардын жазасыз калтырган.

Ооганстан – журналисттерди өлтүргөндөр жазаланбай жүргөн өлкөлөр тизмесинде жетинчи. Бул жерде дагы каза болгон журналисттер куралчан кагылыштарда эмес, көбүнесе атайлап кол салуулардын курмандыгы болушкан.

Непалдагы саясий туруксуздук жана маоисттик козголоңчулардын кагылышы журналисттердин өлүмү менен коштолгон. Айрымдары уурдалып кетип дарга асылган.

Орусия тизмеде тогузунчу орунда турат. Өлкөдөгү коррупция, адам укугунун сыйлабоо көрүнүшү көп учурда журналисттер үчүн оор сокку деп эсептелинет. 1998-жылдан бери он төрт журналист ишинин айынан каза тапкан. Алардын арасында мурдагы жылы өз үйүнүн жанынан атып кетишкен журналист Анна Политковская да бар.

Орусиядан кийин Мексико. Кийинки орундарды Бангалдеш, Пакистан жана Индия ээлеген.

Кыргызстанда былтыр Ошто жаш журналист Алишер Саиповду атып кетишкен.

Кесиптерштери жана айрым байкоочулар Саипов кесибинен ажал тапканын айтып келишет:

- Албетте бул Алишердин ишинин таасири. Ал иштеген “Сиесат” гезитинин окурмандары өзбек жарандар жана гезит өзбек бийлигинин ишине багытталган, - деген эле Кыргызстандагы Медиаөкүл институтунун башкы деректир Илим Карыпбеков.

Алишер Саиповдун өлүмүн иликтөөнү өлкө жетекчилери өз көзөмөлүндө болоорун кабарлаган. Азырынча иш дале иликтенип жатат.

Журналисттерди коргоо комитети 2007-жыл кандуу болгонун билдиришкен. Бул жылы дүйнөдө баш-аягы 65 журналист иш маалында ажал тапкан. Алардын айрымдары согуштук кагылыштарды жардыруудан же кокустуктан көз жумса, көпчүлүгү атайын буйрутма киши өлтүрүүнүн курмандыгы болушкан.
XS
SM
MD
LG