Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

СПИДге КАРШЫ КҮРӨШҮҮ МОСКВАДАГЫ ЖЫЙЫНДЫН БАШКЫ ТЕМАСЫ


Амирбек Усманов, Прага 3-майда Москвада ВИЧ/СПИД маселеси боюнча Чыгыш Европа жана Борбор Азиянын 2-конференциясы ачылат. Үч күндүк жыйынга 56 өлкөдөн 3 миңге жакын ырасмий жана бейырасмий адамдар, эларалык жана дүйнөлүк уюмдардын өкүлдөрү катышканы эле СПИДдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/02/2CA7CB31-23AC-4C53-A636-F8E8C1DA3B4A.asp коркунучу регион үчүн олуттуу экенин күбөлөйт. Атап айтканда, өткөн 2007-жылы орточо эсеп менен Чыгыш Европа, Борбор Азия өлкөлөрүндө 150 миң адамга ВИЧ вирусу жуккан жана андай кеселдердин саны 1,6 миллионго жеткен. Бул 2001-жылга караганда 1, 5 эсеге көп.

Үч күндүк жыйын Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы ВИЧ эпидемиясынын абалына, коркунучтуу илдеттин эл арасына кеңири жайылып кетүүсүнө жол бербөө маселесине араналат. «Кылым жаналгычы» деп аталган бул илдеттин регионго жараткан коркунучу канчалык күчтүү экенин статистикалык маалыматтар айрыкча даана көрсөтөт. Алсак, 2007-жылы региондо орто эсеп менен 150 миң адамга ВИЧтин вирусу жуккан. Алардын көбү жаш балдар. Ошол эле мезгилде 55 адам СПИДден каза тапкан. Бул 2001-жылга салыштырмалуу 7 эсеге көп.

Өткөн жылы дүйнөдө 2,1 миллион адам СПИДден көз жумган жана кеселдердин саны 33,2 миллион болот. Береги илдет Кыргызстанда да жайылып берет:

-Ырасмий маалымат боюнча, 2008-жылдын 1-мартына карай ВИЧке чалдыккан 1535 адам катталды. Алардын 1411 Кыргызстандын жарандары; алардын 115 СПИД менен ооругандар, - дейт Республиканын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Белгилей кетчү нерсе, постсоветтик өлкөлөрдөгү ВИЧ инфекциясына чалдыккан жарандардын 70 проценттен көбү ийне сайып маң заттарын алган баңгилер. Аларга вирус көбүн эсе мурда колдонулган ийне аркылуу жуккан.

Вирус медициналык кызматкерлердин жоопкерсиз мамилесинен улам жуккан учурлар да бар. Анын мисалы ирети Женевада жайгашкан Глобалдык фонддун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча портфолиум-менеджери Валерий Чернявский телефондон берген интервьюда Кыргызстан менен Казакстандын түштүгүндө былтыр болгон окуяларды айтты:

- Акыркы жылда бул эки өлкөнүн түштүгүндөгү саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлеринин сапатсыз ишине же канды куйууну сапатсыз жүргүзгөнгө жана медициналык приборлорду натуура колдонгонго байланыштуу балдарга ВИЧ вирусу жугуп калды.

Глобалдык фонд эки учурда тең токтоосуз жардам көрсөткөн. Чернявскийдин билдиришинче, Глобалдык фонддун демөөрчүлөрү - Чоң сегиз 29-апрелде аяктаган жыйынында Чыгыш Европа жана Борбор Азияда СПИДке каршы күрөшүүгө дагы көп каражат бөлөрүн тастыктаган.

Глобалдык фонд Кыргызстанга төрт жылдан бери грант-жардам берип келгенин Чернявский инетрвьюда белгилей кетти:

- 2004-жылдын 1-мартында башталган грант келерки жылы 1-мартта аяктайт. Бул аралыкта Кыргызстанга сегиз бөлүнүп 16, 3 миллион доллар берилди. Азыр 2009-жылдын 1-январында башталчу 28, 2 миллион долларлык жаңы грант үчүн документтер кол койууга даярдалды. Ал 2013- жылдын 1-январына чейинки аралыкты камтыйт. Бул акча жалаң ВИЧ жана СПИДке каршы күрөшүүгө жумшалат.

Адистердин айтымында, ВИЧ инфекциясы ийне сайып маң заттарын алган баңгилерге, кумсаларга жана акчага сексуалдык кызмат көрсөткөн адамдарга жеңил жугат.

XS
SM
MD
LG