Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

МАМДЕПАРТАМЕНТ: “ИРАН ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ ТЕРРОРЧУ МАМЛЕКЕТ”


AКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү терроризм --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/CDBF863C-EABB-43DD-91E5-AEA5B82C8869.asp боюнча жылдык отчетун жарыялады. Анда Ирандын 2007-жылда терроризмди колдогон негизги мамлекет болгон деп табылганы таң калыштуу эмес. “Азаттыктын” Вашингтондогу кабарчысы Эндрю Тули бул отчеттун авторлорунун бири, Мамдепартаменттин контртерроризм бөлүмүнүн координатору Делл Дейли (Dell Dailey) менен баарлашкан.

“Азаттык”: -Сиз 30-апрелде Мамдепартаменттеги лекцияңызда 2007-жылы дүйнөдө терроризмди эң күжүрмөн колдогон мамлекет Иран болду деп ырастадыңыз. Мунун себебин биздин угармандарга айтып бере аласызбы?

Делл Дейли: -Иран Ооганстанда талибдерди колдойт. Ал Ирактагы согушкерлерди колдойт. Иран Хезболланы, жана Сириянын Ливандагы аракеттерин колдойт. Бул төрт багыттан Ирандын канчалык колу бошобой жатканын көрө алабыз. Ал башка мамлекеттердин ишине кийлигишип, террордук иштерге тынбай аралашып келатат.

“Азаттык”: -2007-жылы Ирактагы террордук аракеттердин абалы кандай болду? Жоопкер тараптар кайсылар?

Делл Дейли: -Иракта былтыр согуш аракеттери өтө көп болду. Өлкөнүн коопсуздугу Ирактын куралдуу күчтөрүнө жана өлкөдө турган коалициялык күчтөргө көз каранды. Бул тараптар өтө мыкты куралданган. Ошондуктан козголоңчулар, согушкерлер жана “ал-Каида” жанкечтилердин бомба жарыдруусу жана террордук чабуулдар сыяктуу аракеттерге барып жатышат. Себеби алар куралдуу күчтөргө түздөн түз кол салууга даабайт. Ошондуктан, алар коалициялык күчтөр менен катар, карапайым адамдарга да кол салып жатышат. Бул террордук топтордон 5 жарым миң ирактык карапайым атуул, дээрлик толугу менен мусулмандар өлүм тапты.

“Азаттык”: -2001-жылдын 11-сентябрына чейин Ооганстан “ал-Каида” үчүн кабелтең баш калканч болуп келген. Бүгүн өлкөдө абал кандай?

Делл Дейли: -Ооганстандын айрым айыл чарба аймактарында апйимди көп өстүрүүнүн аркасы менен талибдер акчага марып, түпкүлүгүндө көпчүлүккө жакпаган турумун кайра жандандыра алды. Баңги заттан түшкөн акчага адамдарды, куралды, маалыматты, азык-түлүктү жана коопсуздукту сатып алса болот. Талибан ушундан пайдалана таап жатат.

“Азаттык”: -Ооганстандан тышкары, Борбор Азияда сөз кылаарлык террордук иш-аракет болдубу?

Делл Дейли: -Казакстан 14 уюмду чет элдик террордук уюм деп жарыялаган. Өзбекстандын өкмөтү кыйла репрессивдүү, натыйжада ал өзүнө каршы терроризмге карата катуу күрөшүп жатат. Бирок Борбор Азияда дал ушул тапта универсалдуу, бирдиктүү жана кеңири масштабдагы террордук аракетти көрө алган жокпуз.

“Азаттык”: -Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG