Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/02/DA2934D6-3B89-4A5A-9495-E10AE6C24332.asp 1963-жылы кыргыз адабияты менен искусствосунун тарыхында алгачкы жолу “Тоолор менен талаалар повесттери” аттуу китеби үчүн ошол кездеги эң жогорку сыйлык Лениндик сыйлыктын лауреаты ыйгарылат. Ал эми 1965-жылы кыргыз адабиятынын тарыхында биринчи жолу Айтматовдун өмүрү менен чыгармачылыгына арналган жана “Тоолор менен талаалар повестерин” талдоого алган жаш адабиятчы, журналист Бакен Ашымбаевдин “Чыңгыз Айтматов” аттуу монографиясы “Мектеп” басмасынан басылып чыгат. Китептин ошол кездеги редактору, азыркы “Азаттыктын” кабарчысы Балбай Алагушов монографиянын жазылышы, автору жөнүндө ой бөлүшөт.



Чыңгыз Айтматов 35 жашта


1963-жыл. Кыргызстандын калкы жана окурмандары өмүрлөрүндө болуп көрбөгөндөй зор кубанычтын кучагына батышат. 35 жаштагы жаш жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Жамыйла”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Ботокөз булак”, “Биринчи мугалим” аттуу повесттеринен турган “Тоолор менен талаалар повесттери” аттуу китеби ошол кездеги өлкөдөгү эң бир жогорку Лениндик сыйлыкка татыктуу болот.

КПСС БКнын катчысы Л.Ф.Ильичев “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жеке эле кыргыз маданиятынын жетишкендиги эмес, ошондой эле биздин жалпы советтик маданиятыбыздын жетишкендиги болуп саналат” деп белгилесе, адабий жана искусство боюнча Лениндик сыйлыктын комитетинин төрагасы, жазуучу Н.Тихонов “Правда” газетасынын 1963-жылдын 21-апрелиндеги санына жарыяланган “Көркөм чыгармачылыктын көрүнүктүү жетишкендиктери” деген макаласында:

-Чыңгыз Айтматов турмуштун зор мектебинен өткөнүн жазуучунун каармандарынын эмгеги, кайгы-капасы жана кубанычы Советтер Союзундагы гана эмес, чет өлкөлүк окурмандардын да алкоолоруна ээ болгонун баса белгилеп келип: “Айтматовдун эң мыкты повесттери жаркыраган талантын гана күбөсү эмес, советтик прозанын бул эң көрүнүктүү чеберинин мындан аркы өсүшү туурасындагы үмүт да болуп эсептелинет, - деп жазган.

Адабиятчы, журналист Бакен Ашымбаев кыргыз адабиятынын тарыхында биринчи жолу “Чыңгыз Айтматов” аттуу монографияны жазат. Ал 1965-жылы “Мектеп” басмасында басылып чыгат. Автор китебинде коомдук ишмерлердин, залкар жазуучулардын, белгилүү советтик, кыргыз жана чет өлкөлүк адабиятчылардын, сынчылардын, карапайым окурмандардын пикирлерине, ойлоруна, каттарына жана жазуучунун повесттериндеги эң бир кызыктуу эпизоддоруна таяна талдоого алат. Алар “Сөз башы”, “Өмүр жолу”, “Бетме бет келгенде”, “Бакыт издеп”, “Турмуш чакырат”, “Коммунист жөнүндө повесть”, “Гуманизмдин жеңиши” аттуу баптарда ар бир повести талдайт.



Автор “Өмүр жолунда” жазуучунун Таластын Шекер айылында төрөлгөнүн балтыркан өмүрү Күркүрөө суусунун боюнда, бозулан кезинде араба айдап, чөп чаап, сугат сугарганы, айылдык кеңеште катчы, Жамбулдагы айыл чарба техникумда, кийин Фрунзедеги айыл чарба институтунда окуганы, студент кезинен эле республикалык газеталарга макала жаза баштаганын, окууну бүткөндөн кийин Фрунзеге жакалай жайгашкан совхоздо зоотехник болуп иштегенин, кийин СССР жазуучулар союзунун Москвадагы жогорку адабият курсун бүтүргөнүн, окуп жүргөндө эле жазуучу Т.Сыдыкбековдун “Тоо арасындагы” романын орус тилине которгонун баяндайт.

Ошентип, Айтматов бүтүндөй өмүрүн адабиятка арнайт. Автор киришме сөзүнүн соңунда Айтматов “Литературный Кыргыстан” журналында редактор, “Правда” газетасынын Ортоазия республикалары боюнча атайын кабарчы, Кыргызстандын кинемотографисттер союзунун биринчи катчысы болуп иштегени, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты экени менен тааныштырат. Андан соң Ашымбаев жазуучунун повесттеринин эң бир кызыктуу эпизоддорун, үзүндүлөрүн мисалга ала отуруп талдайт.



Маселен жазуучунун “Бетме-бет” повестиндеги Сейденин Ысмайылга: “Заманың бөрү болсо, бөрү бол! Ушул кезде ар ким өзүм гана тойсом дейт! Алганы алып, жулганы жулат! Акмак болбо! Мен уурдайм. Мен жейм. Аскерлден качып келип, ачтан өлөйүн деген эмесмин. Өлсө башка өлсүн, бирок мен жөн эле өлө калбайм”.

Ал эми автор француз жазуучусу Луи Арагондун сөзү менен айтканда “Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян” аталган “Жамыйла” повесттин баш каарманы Данияр: “Жамыйлам, жаным калкатайым, кызыл гүлүм жамалтай. Мен дагы сени алда качан сүйгөм, өмүрүмдө көрбөсөм да, окопто жатып сени ойлойм! Көрсө менин сүйгөнүм туулган жериңде тура! Көрсө ал сен экенсиң. Жамыйлам кызыл гүлүм!” деген шекилдүү үзүндүлөрдү окурмандарга сунуштай, жазуучунун ар бир чыгармасын илимий негизде терең талдайт. Бир сөз менен айтканда Ашымбаев жаш адабиятчы, сынчы болсо да Айтматовдун жаркын шыгынан жаралган чыгармаларын ийне-жибине чейин жеткире илимий тактыкта, талдап берүүгө аракеттенген.



Эң бир өкүнүчтүүсү, эң бир армандуусу - жаш журналист, жаш адабиятчы Бакен Ашымбаев таланты бүрдөп, өмүрү гүлдөп турган 32 жаш курагында күтүүсүз кан басымынын айынан жалп этти. Ошентип, ал “Мектеп” басмасынан чыккан 9 басма табак көлөмдөгү “Чыңгыз Айтматов” аттуу монографиясын жарыкка чыкканын көрбөй кетти. Ал жылт эткен кыска өмүрүндө “Советтик Кыргызстан” газетасында адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, азыркы Кыргыз Улуттук филармониясынын директору болуп иштөөгө үлгүрдү. Атиңай “даанышман өтөт, сөз калат” дегендей Бакен Ашымбаевдин алп жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү алгачкы эмгеги кыргыз окурмандарына белек болуп калды десек жаңылышпайбыз.
XS
SM
MD
LG