Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

1-МАЙДА ДҮЙНӨДӨ КЫМБАТЧЫЛЫККА ЖАНА ПАРАКОРЛУККА КАРШЫ УРААНДАР ЖАҢЫРДЫ


Гүлайым Ашакеева, Бишкек 1-май - Эл аралык эмгек күнү дүйнөнүн көп жеринде кылкылдаган көчө жыйындары, жалындуу жөө жүрүштөр ошондой эле жаалдуу каршылыктар менен белгиленди. Буга кошумча азык түлүк баасынын асмандашы, энергия акысынын көкөлөп кетиши нааразылыктын отуна май чачууда. Бул өзгөчө экономикалык тежемел өлкөлөрдө өзгөчө күч алууда. Алманиядан Филиппинге чейин бу күнү мээнеткечтердин көпчүлүгү көчөгө чыгышып, өз укуктарын коргошууда. Таң калычтуусу, мындай нааразылык эски Европада күч алды.

Филиппинде миңдеген адамдар баш калаанын көчөлөрүнө чыгышып, өкмөт менен президент Глория Аройянын жасап аткан аракеттерине ичи чыкпагандыгын ачык эле айтышып, жарнактарын көтөрө чыгышып: “Глория Аройя - оокат-аш жетишпейт! Паракорлукту токтот! Сенин саясатың элдин көксөөсүнө каршы!” деп кыйкырып жатышты.
Алар эмгек коопсуздугун, ошондой эле азык түлүк жана күйүүчү майдын кымбатташына каршы экендиктерин билдирип, шалы-шылчаларын жамынып чыгышты. Нааразы болгондордун саны улам өсүп жатты.

Кийинки айларда күрүчтүн баасы эки эсе көтөрүлүп, ачарчылыктын деми сезиле баштады деп билдирди Айкын Эмгек Биримдигинин баш катчысы Жосуа Мата.

“Ачарчылыкка капталчу филиппиндиктердин көптүгү, бул жердеги нааразылык билдирип чыккан жумушчулар өкмөттүн шалаакылыгына каршы турушуп, өлкө проблемасын айныксыз чечүүнү талап кылышууда. Оокат-аш тартыштыгы чөнтөгү жука калктын кендирин кесип, өкмөт болсо бул жаатта чечкиндүү аракет көрө албай келатат”, - деди Жосуа Мата.

Кошуна Индонезияда да ушундай эле жаалданган элдин катары 15 миндей кишиге чамалап барды. Жакартанын чоң көчөлөрү азык-түлүк баасынын асмандашына каршы болгондорго толуп турду. Нааразыланган көпчүлүктү Президент сарайынын алдындагы аянтта бекем куралданган полиция кызматкерлери тосуп, суу чачышты.

Түркияда болсо полиция көздөн жаш чыгарчу түтүн менен чогулган көпчүлүктү кубалоого аракет кылды. Бул жерде да солчул күчтөрдүн дымагы бийик чыгып, өкмөттүн ишин сынга алгандар көп болду. Полиция бир канча кишилерди камакка алды.

Стамбулда Түркиянын үч негизги эмгек биримдигине кирген саясий күчтөр өкмөт менен бир чечимге келүү аракетин жасашып, бирок да андан майнап чыгарыша элек.

Түндүк Алманиянын деңиз боюндагы Гамбург шаарында Май майрамына арналган көпчүлүк катышкан нааразылык акциялары өтүп, аны уюштурган жүздөгөн демилгелүү жаштар уюмдарынын жетекчилерин полиция камакка алды. Ортодогу кагылыш-тирештен талкаланган айнектер, тоскоолдордун күйүктөрү калды.

Орусияда маанай башкача. Майрам шаңын коштогон музыка, кызыл-тазыл желектер, анан да милиция кызматкерлери менен демонстрацияга чыккандардын ортосунда талаш-тартыш болбой, жөн гана майрамдык маанай өкүм сүрүп турат.

Кыргызстанда болсо майрам шаңын коммунисттер менен атка минерлер көркүнө чыгарды. Биринчиси, Лениндин эстелигине гүл коюу, СССРди эстөө жыйынын өткөрсө, атка минерлер борбордук аянтта чуркап, ден соолукту чыңдоону даңазалашты.
Ал эми бул жердеги карапайым калк деле баалардын асмандашынан кыйналып жатышканын, Эларалык эмгек уюмунун Кыргызстандагы Улуттук координатору Болот Ороков белгилеп, маселе дүйнөнүн башка жерлериндей мүнөздө экендигин айтты:

“Бул жерде дүйнө жүзүндөгүдөй эле, эч айырма жок. Өкүнүчтүү нерсе – кыргызстандык эмгекчилердин алган маянасы өтө эле төмөн. Ошондуктан Кыргызстанда деле өнүгүп келе жаткан башка өлкөлөрдөгүдөй эле баалардын өсүшү элдин жашоо-шарттына көбүрөөк зыянын тийгизет”.

XS
SM
MD
LG