Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 02:52

14:52 Э.Алиев: “Кулов мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бийлик менен иштешүүнү сунуш кылды”


“Ар намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындай пикирин Феликс Кулов менен президент Курманбек Бакиевдин жолугушуусуна байланыштуу билдирди. Анын айтымында, Кулов энергетика тармагына 100 миллион доллардан кем эмес инвестиция тартуу боюнча атайын сунушту күн мурунтан даярдап, аны билдирүү үчүн президентке кат менен кайрылган. Жолугушууда Кыргызстан азыр кептелип турган энергетикалык кризисти жоюу жолдорунун бири катары кичи ГЭСтерди куруу жана ага немец инвесторлорунун акчасын алып келүү талкууланды. “Кулов оппозициянын же өзүнүн кызыкчылыгы эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бийлик менен иштешүүгө даяр жана ага бардык аракетин көрөт”,-деп кошумчалады Э.Алиев. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG