Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

17:34 Катуу шамал Ысыккөл району менен Балыкчы шаарындагы имараттардын чатырларын талкалады


1-май күнү түштөн кийин башталган шамалдын ылдамдыгы 29 метрге жетип, ал Ысыккөл району менен Балыкчы шаарындагы үй, имараттардын чатырларын талкалады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чыгыш аймактык башкармасынын адиси Тынчтык Малабековдун маалыматы боюнча Балыкчы шаарында өрткө каршы кызматынын имаратынын жана Ысыккөл районунун жүздөн ашык үйүнүн шиферлерин учуруп кетти. Ысыккөл району боюнча онго жакын бак кулап, бирөө турак үйдү басып калды. Ошондой эле телефон жана электр байланыш зымдары керектен чыкты. Чолпоната шаарындагы метеорология борборунун кызматкери Надежда Штракова шамал адаттагыдай көл жактан эмес, тоо тараптан катуу башталганын билдирди. Жаратылыш кырсыгынын чыгымдары жана жабыркаган эс алуу жайлар, үйлөр боюнча атайын түзүлгөн комиссия иликтеп атат. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG