Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

17:38 ЕККУ кыргыз өкмөтүн басма сөз эркиндигин коргоого чакырды


ЕККУнун массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Миклош Харасти уюмга кирген мамлекеттердин бийликтерин басма сөз эркиндигин коргоого жана журналисттерге карата жасалган зомбулукту жана сөз эркиндигин кысымга алууну басаңдатууга чакырды. Ал ЕККУга кирген бир топ мамлекеттерде журналисттерге карата зомбулук күчөп бараткандыгына жана аларга зордук көрсөткөн тараптардын жазасыз калып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирип,мындай окуялар болгон 12 өлкөнүн ичине Кыргызстанды да кошту. Ал мамлекеттердин өкмөттөрүн журналисттердин коопсуздугун коргоого алуу менен бирге демонстрацияларды, анын ичинде уруксаат берилбеген акцияларды да чагылдыруусуна жардам көрсөтүүгө үндөдү. (BD)

XS
SM
MD
LG