Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

17:45 Марат Токоев: Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн 2007-жыл ийгиликсиз жыл болду


“2007-жыл басма сөз эркиндиги жаатында сүйүнтөрлүк да, өкүндүрө турган да окуяларга бай болду”, - деди “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан маалымат алуу жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганы чоң утуш болду. Андан сырткары, Улуттук Телерадио корпорация жөнүндө мыйзам кабыл алынып, Байкоочу Кеңеш түзүлдү. Бирок, тилекке каршы, бул эки мыйзам тең ийгиликтүү иштей албады, дейт М.Токоев. Анын үстүнө журналисттерди коркутуп үркүтүү фактыларынын акыр түбү журналист Алишер Саиповдун өмүрүнө кол салып, аны өлтүрүү менен жыйынтыкталды. Дагы эки журналист өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болду. “Мунун баарын эске алганда, 2007-жылы Кыргызстан басма сөз эркиндиги жаатында ийгиликтерге жетише албады, тетирисинче, артка кетти”, - деп билдирди “Азаттыкка” Марат Токоев. Эртең дүйнө калкы Сөз эркиндигинин күнүн белгилейт. (TD)

XS
SM
MD
LG