Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:18

Лондондо бүгүн палестин-израил жаңжалын жөнгө салуу боюнча эл аралык арачылардын жыйыны ачылды. “Төртилтиктин” мүчөлөрү – Улуттар Уюму, Евросоюз, АКШ жана Россия – тынчтык процессинин учурдагы абалына баа беришет жана алдыдагы милдеттерди аныкташат. Ушул эле күнү Лондондо “алтылыктын” өлкөлөрү Ирандын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/72FAAB01-1A4B-49AD-AFED-B90DDA7571CB.asp ядролук программасына байланышкан кырдаалды талкуулашат.

Лондондогу маалымат жыйынында Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун арачыларды алымсындырбай жаткан жагдайларга токтолду. “Төртилтик” жаңы маалалардын курулушу улантылып жатканына терең тынчсызданат жана Израилди бул иштерди токтотууга чакырат”, - деп айтты баш катчы. Израилге ал 2001-жылдын мартынан бери тургузулган бардык курулуштарды бузуп, сүздүрүп салууну сунуш кылды.

Баш катчы ошондой эле арачылардын атынан палестин бийликтерин терроризмге каршы күрөшүү боюнча милдеттенмесин аткарууга, коопсуздук күчтөрүн кайра түзүүү жагынан өз кадамдарын ыкчамдатууга чакырды. Коопсуздук кырдаалын жакшыртууну баш катчы өз ара ишенимди чыңдоонун жана палестин аймактарына жардам көрсөтүүнүн негизги шарты деп атады.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс автономияга жардам көрсөтүүгө сөз берген бир катар арап мамлекеттери алиге чейин убадаларын аткара электигин эскертти. Кеп кайсы өлкөлөр жөнүндө болуп жатканын Райс тактаган жок. “Финансы чөйрөсүндө кантсе да айрым милдеттенмелер аткарылганына курсантмын, - деп айтты Райс. – Бирок убада берген соң аны аткаруу керек, муну мен бардык мамлекеттердин эсине сала кетким келет”.

Америкалык делегациянын айрым мүчөлөрү ырасташкандай, автономияга быйылкы жылы болгону Сауд Аравиясы, Бириккен Арап Эмираты жана Алжир гана акча жагынан көмөк көрсөтүштү.

“Төртилтиктин” биргелешкен билдирүүсүндө Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаалга терең камтамачылык айтылат. 1,5 миллионго чукул калк жашаган Газа өткөн жылдын жайынан бери “хамасчылардын” колунда турат. Алар автономиянын башчысы Махмуддун Аббастын бийлигин тааныгандан баш тартышкан.

Жакынкы Чыгыш боюнча арачылар тынчтык процессинин азыркы абалына, былтыр ноябрда Аннаполистеги форумдан бери жасалган иштерге баа беришет. АКШнын мамлекеттик катчысы палестин премьери жана тышкы иштер министри менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт.

Ушул эле күнү Лондондо арачылардын экинчи тобу - “алтылыктын” өлкөлөрү Ирандын ядролук программасына байланышкан соңку жагдайды талкуулашат. Өткөн айдын этегинде АКШнын, Британиянын, Германиянын, Кытайдын, Россия менен Франциянын саясий директорлору Шанхайда жолугушуу өткөрүшкөн. Сүйлөшүүлөр учурунда айрым бир маселелерде гана болор-болбос жылыштар байкалган.
XS
SM
MD
LG