Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ АВТОУНААЛАР АШКЕРЕ КЫМБАТ АЛЫНГАН


Мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш сатып алган автоунаалар --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/01/f6f8bc17-c07e-4217-9da5-d043bb49137f.asp боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Эсеп палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча козголгон кылмыш иште депутаттар үчүн сатылып алынган “Тойота камри” маркасындагы 75 автоунаанын баасы негизсиз ашырылышы, тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар себеп болгон.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов автоунаалар боюнча кылмыш иши козголгонун тастыктап, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди:

-Бул боюнча айтаарым, Жогорку Кеңеште автоунааларды сатып алуу боюнча тендердин өткөрүлүшүн эсептөө палатасы текшерип, тендердин эрежелери бузулганын аныктап чыккан. Ошол материалдар боюнча башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө тобу түзүлүп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Учкун Каримов текшерүү жүрүп жатканына байланыштуу кошумча эч нерсе айта албасын белгиледи.

Белгилүү болгондой мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш депутаттарга 75 даана автоунаа сатып алуу тууралуу чечим кабыл алып, ага 62 миллион 700 миң сом бөлгөн. Автоунааны сатып алуу боюнча курамына жети депутат кирген комиссия түзүлүп, тендер өткөрүлгөн. Ал тендердик комиссиянын курамына кирген мурунку депутаттар да учурда башкы прокуратурада суралууда.

Тендерде “AI Hamzan Used Cars Exhb” деген фирма жеңип алып, ар бир даанасын 836 миң сомдон, 2007-жылы чыгарылган 75 “Тойота камри” автоунаасын алып келүүгө милдеттенме алган. Тендерге катышкан экинчи бир фирма 2006-жылы чыгарылган, бирок ар бир даанасын 693 миң сомдон 75 “Тойота камри” сатып келүүгө макул болгон. Бирок тендерде ал жеңишке жетишкен эмес.

Өткөн чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары катары анда парламенттин чарбалык жагын тейлеген Кубанычбек Исабеков автоунаалар маселесин иликтөөнү парламенттин иш башкармалыгынын азыркы башчысы Нурланбек Матыевге сунуштаганын билдирди:

-Тарап кеткен парламент учурунда которулган акчаларга машиналар өткөн жылы эле келген. Тарап кеткенден кийин которулган акчага келе турган 21 машина жок. Мен иш башкармалыктын башчысы Нурлан Матыевди чакырып, бир ай мурун эле айтканмын Башкы прокуратурага өткөрүп бербейсиңерби деп. Анткени акча да жок, машина да жок. Бул акча Эрмек Рысбаевдин буйругу менен которулган деп айтылган.

Эрмек Рысбаев үчүнчү чакырылыштагы парламент таркатылгандан кийин кыска мөөнөткө парламенттин иш башкармалыгын башкарып турган.

Бирок эсеп палатасынын төрагасы Искендербек Гаипкулов Эсеп палатасынын текшерүүсүндө тендер өткөрүү тартиби бузулганы аныкталганын билдирди:

Маселе такыр башка, ал жерде бааларды негизсиз көтөрүү бар. Анан 75 машинанын 60 келип, 15 келе элек.

Бул иштердин баарын эми Башкы прокуратура иликтеп чыкмакчы. Айта кетүүчү нерсе, Эсеп палатасы парламентти текшерүүдө алты депутаттык машина авариядан жараксыз болуп жатканын, 519 мин сомго товардык-материалдык баалуулуктар жетишпегенин аныктап чыккан. Ошондой эле мурунку чакырылыштагы 17 депутаттын депутаттык лимиттен ашыкча күйүүчү, майлоочу май сарптаганы аныкталган. Мына ушуга байланыштуу Башкы прокуратуранын тергөөcү учурунда башка кылмыш иштер козголуш мүмкүндүгү кабарланууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG