Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

20:45 Феликс Кулов Кыргызстанда кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү дирекциясынын башчысы болуп дайындалды


Дирекцияны түзүү боюнча жардыкка президент Курманбек Бакиев кол койгонун бүгүн анын маалымат кызматы кабарлады. Кабарда айиылгандарга караганда, Дирекция өлкөдөгү кичи жана орто масштабдагы энергетиканы өнүктүрүү үстүндө иштейт жана өзүн өзү каржылайт. “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов эки күн мурда президент К.Бакиевдин кабыл алуусунда болуп, мамлекет башчыга өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча өз ойлорун айтып берген болчу. Анда ал премьер-министр болуп турган кезинде энергетика тармагына чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жаатында бир топ ийгиликтерге жетишкенин билдирген. Президент болсо Феликс Куловдун сунуштарын эске алып, өз администрациясына жакын арада жардык даярдоону тапшырган эле. (TD)

XS
SM
MD
LG