Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

ДИССИДЕНТЧИЛ “ХРОНИКАНЫН” КЫРК ЖЫЛДЫГЫ


Мындан кырк жыл мурда - 1968-жылы 30-апрелде - Советтер Союзунда катаал цензура өкүмсүрүп турган шартта Москвада --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/D9F63CB6-9040-4CA4-9E0A-ED3D393EB8D7.asp диссиденттердин биринчи басылмасы пайда болгон. Ал “Учурдагы окуялардын хроникасы” деп аталган жана машинкада басылган жети беттен турган. “Хрониканын” он беш жылдык тарыхында 65 саны чыккан жана диссидентчил ой-санаанын жанданышына чоң таасир тийгизген.

“Хрониканын” биринчи санында СССРде адам укуктары кандайча тебеленип-тепселип жатканын көрсөткөн кургак фактылар гана баяндалган. Ушунун өзү эле ошо кезде миллиондогон нускалар менен күн сайын чыгып турган советтик пропаганданын “Правда”, ”Известия” сыяктуу органдарына атылган саясий “чоң колок” болгон.

Россиялык азыркы либералдардын “Яблоко” партиясынын лидери Григорий Явлинский “Учурдагы окуялардын хроникасын” биринчи муундагы диссиденттердин эрдиги деп эсептейт. “Хрониканы” чыгаргандар аң-сезимдүү түрдө тобокелдикке барышкан, эртедир-кечтир катаал жазага тартыларын, же түрмөгө түшөрүн, же сүргүнгө айдаларын бөркүндөй эле көрүшкөн, - дейт Явлинский. – Ошентсе да алар маалымат эркиндигин, Советтер Союзунда адамдардын абалы кандай экенин жалпы дүйнөгө кабарлоону өздөрүнүн жеке тагдырына караганда алда канча маанилүү иш деп эсептешкен”.

“Хрониканын” биринчи санын Наталья Горбаневская даярдаган. 1968-жылы Улуттар Уюму адам укуктарынын жалпы декларациясынын 20 жылдыгын белгилөө үчүн атайын иш чараларды бекиткен, ошо жылды жалпы дүйнөдө адам укуктарынын жылы кылып жарыялаган. Ушул жүйөөгө таянып, Горбаневская өзү даярдаган “Хрониканын” биринчи санын “СССРдеги адам укуктарынын жылы” деген аталышта чыгарган.

Бир жылдан соң ал камакка алынып, кийин эки жыл “жиндиканада” жаткан. 1975-жылы ага чет өлкөгө кеткенге уруксат беришкен. Горбаневская ошондон бери Парижде турат. Кезинде анын диссидентчил ишмердиги Батышта чоң кубаттоого алынып, америкалык атактуу ырчы Жоан Баэз атүгүл ага арнап атайын ыр чыгарган.

“Совет өкмөтү Натальяны дегеле адам ордуна көргөн эмес,ошону үчүн аны акылы алжыган адамдарды дарылаган ооруканага жаткырып салышкан, - деп эскерет Жоан Баэз.- Бирок дал ушул Горбаневская өңдүү адамдардын аркасында биз жер үстүндө жашап, ээн-эркин басып жүрөбүз”.

Ар кайсы жылдары “Хрониканы” ар түрдүү адамдар даярдап, көчүрүп көбөйтүп, калк ичине таркатып, чет өлкөлөргө чыгарып турушкан. Ушундай иштери үчүн Анатолий Якобсон, Юрий Шиханович, Петр Якир, Виктор Красин, Сергей Ковалев, Александр Лавут, Татьяна Великанова жана башкалар түрмөгө түшүшкөн.

Москвадагы укук коргоочу “Мемориал” уюму “Хрониканын” бардык сандарын жыйнап, жакында интернетке киргизди. Уюмдун активисти Александр Черкасов “Хроникадагы материалдарда тигил же бул окуяга эч кандай баа берилбей, фактылар гана кыска, так баяндалганын белгилеп, муну диссиденттердин ошо кездеги режимге окшошпой, андан жогору тура билген касиети катары мүнөздөдү.

“Мемориал” уюмунун кеңсесинде 30-апрелде “Хрониканын” кырк жылдыгы белгиленди. Ага Горбаневская да катышты. Москвадагы Хельсинки тобунун лидери Людмила Алексеева “Хрониканын” он беш жылга созулган тарыхын бүтүндөй бир доорго тете келген мезгил деп атады.

Сүрөттө диссидент Наталья Горбаневская (http://hro.org)

XS
SM
MD
LG