Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Жаамы Дүйнөлүк сөз эркиндиги --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/D3242A0E-D4E2-4004-885B-8E030F030B1D.asp күнүндө Кыргызстандагы жагдай тууралуу кеп кылуунун ыңгайы келип турат. Анын үстүнө кийинки кездери сөз эркиндигинин басмырланып баратышы жөнүндө кабатыр ойлор арбын айтылууда. 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин көп козголгон коомдук телекөрсөтүү идеясын, мамлекет ээлигиндеги маалымдоо каражаттарына эркиндик берүү демилгесин ушу азыр эстеген адам аз.

2005-жылкы бийлик алмашусунан кийин аткаминерлердин эркин маалымдоо каражаттары менен соттошуусу кыйла азайды окшойт. Бирок да медиаөкүл Шамарал Майчиевдин маалымдашынча, бул иштин биротоло жоюлуп кеткен жери жок.

- Журналисттерге каршы куржалаа жапкандыгы үчүн деп жылына 7-8 доо-арыз берилет. Мыйзамдагы катаал жаза азайышы керек. Бул жерде маселе аларды толугу менен алып салуу керекпи же жазалоону жумшартып, эркинен ажыратууну кыскартыш керекпи деген суроого барып такалат. Мен медиаөкүл катары бул эки берене толугу менен алынып салынышы керек деп эсептейм.

Парламент 1-окууда телерадиоберүүлөр жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алды. “Журналист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев жаңы мыйзамда коомдук телекөрсөтүү демилгеси унутта калтырылды деп эсептейт.

- Анда таптакыр эле коомдук телекөрсөтүүдөн артка чегинүү байкалып жатат. Улуттук телеканалга мамлекеттик бийликтин толук көзөмөлү орноп жатат. Азыр сын-пикир айта алган бир да жеке менчик телеканал жок. Бизде жападан-жалгыз жеке менчик “Сентябрь” телеканалы бар эле. Анын да толкун таратуучу мунарасы турган жерди тартып алышты.

Жаңы мыйзамга ылайык Улуттук телеканалдын байкоочулар кеңешин президент сунуштап, парламент шайлайт. Башкы директор мамлекет башчынын жарлыгы менен дайындалат.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын айтуусунда, Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начар.

- КТР баягы эле ахыбалында калды. Жеке менчик телерадиокомпанияларды басып эле алып коюп жатышканын көрүп эле атпайбызбы. Тартып алып атышат. Ошондуктан Кыргызстанда чынында эле аянычтуу ахыбал болуп жатпайбы.

Президенттик акимчиликтин пресс-кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев эркин маалымдоо каражаттарын кысымга алуу фактылары жок, өлкөдө сөз эркиндиги толук сакталат деген пикирде.

- Мына акыркы жылдары бир дагы гезит же телерадиокомпания жабылган жок. Же гезиттин бир номуру чыкпай калды деген да факт жок. Анын үстүнө азыркы Интернет барактарын карасаңыздар, массалык маалымат каражаттарын карасаңыздар эмне деген гана маселелер, проблемалар көтөрүлбөйт. Бул Кыргызстандагы сөз эркиндигинин деңгээли демократиялык коомго, ал демократиялык институт катары калыптанганын жана ал жогорку деңгээлде турганын далилдөөгө жарайт.

Досаалы Эсеналиевдин ырасташынча, эларалык “Freedom House” уюмунун Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу чыгарган жыйынтыгы чындыкка коошпойт, Кыргызстанда сөз эркиндигине байланышкан олуттуу проблема жок.

«Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев оппозициялык маанайдагы гезиттер дагыле кысымга кабылып жатат деген пикирде.

- Мисалы «Кыргыз руху» гезитин көпкө чейин чарбачылык чатактар менен алыштырып келди. Бир жаңы коллектив чыгарып, кайра соттошуп мурдагы чыгармачылык жамааты гезитти чыгарып жатат. Оппозициялык «ДеФакто», “Алиби” гезиттеринин үстүнөн сот иштери жүрүп жатат. Болгондо да президенттин туугандарынын балдары соттошуп жатат. Аларды бийликке жакын кишилер деп койсо болот.

Эларалык “Freedom House” уюму Кыргызстанды сөз эркиндиги сакталбаган өлкөлөрдүн катарында атады. Ушундай эле пикирди биртоп эларалык уюмдар да билдиришти. Журналист Алишер Саиповду атып өлтүргөндөрдүн бети ачыла элек. Керт башынын коопсуздугун ойлоп Кайрат Биримкулов менен Турат Бектеновдор башпаанек сурап чет өлкөгө кетишке мажбур болушту. Менчик телеканалдардын текши баары кайсы бир таасирдүү күчтөрдүн колуна топтолууда. Эркин маалымдоо каражаттарына кысымдын күчөшү алдагыдай бүтүмгө негиз берүүдө.
XS
SM
MD
LG