Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Өтүп бараткан аптада президент Курманбек Бакиев башкарган “Ак жол” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/AEFDD8BF-E533-4351-8D73-59591A7167B7.asp элдик саясий партиясы 3 - курултайын өткөрдү. “Апта окуясы” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы ушул иш чара жана аны уюштурган “Ак жол” партиясына арналды. Түрмөктү Бурулкан Сарыгулова даярдады.

“Ак жол” саясий партиясы 29-апрелде өткөн кезектеги курултайында өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө басым жасады. Ага жараша партиянын негиздөөчүсү, президент Курманбек Бакиев курултайда беш багытта, тагыраак айтканда, энергетика, каржы, айыл чарба, ишкердик жана социалдык багытта иш алып барууну партияга тапшырды.

Президент жана курултайда чыгып сүйлөгөн партиянын бардык башка мүчөлөрү партия кыска убакыт ичинде өзүн иштерман, элге кызмат кылууга жөндөмдүү партия экендигин далилдеп, анын арты менен парламенттик шайлоодо элдин колдоосуна жетишкендигин белгилешти:

- Жаңы Кыргызстандын тарыхында бир дагы саясий партия эч качан ушунчалык реалдуу жана байкаларлык потенциалга ээ болгон эмес. Андыктан, биздин башкы жетишкендигибиз – бул шайлоочулардын добуштары. “Ак жол” элдик партиясын, анын Жогорку Кеңештеги фракциясын кыргыз парламентин чечүүчү күч кылды,- деди президент Бакиев 3-курултайда.

Саясий уюм түзүү оюн коомчулукка президент Бакиев референдум алдында жарыялаган. Кезексиз парламенттик шайлоонун өтүшүн шарттаган референдумга аралаш пайда болгон бул партия тездик менен уюштурулуп, дароо бийликтин колдоосундагы жападан жалгыз карылуу партия болуп чыга келди. Бул партияны аздыр-көптүр төбөсү көрүнүп калган “Менин өлкөм”, “Содружество”, “Жаңы Кыргызстан” сыяктуу партиялар ачык колдоп, бир катар майда партиялар “Ак жолдун” кызыкчылыгы үчүн деп ишмердүүлүгүн токтотушту.



Атаандаш болору күтүлгөн Социал-демократтар партиясынын жагдайы анын лидери Алмаз Атамбаевди премьер-министрлик кызматтан четтетүү аркылуу чечилди. СДПнын ошол кездеги жооптуу катчысы Эдил Байсалов Атамбаевдин кызматтан алынышын президент Бакиевдин административдик ресурс чачырап кетет деп коркуп, СДПнын таасирин азайтуу максатында жасаганы катары баалаган:

- Бул бийликтин жүзүн дагы бир жолу ачып атат. Анткени, азыркы учурда бардыгыбыз көрүп турабыз бийликтин бардыгы бир партия үчүн иштеп атат.

Көз карандысыз байкоочулар тарабынан шайлоочулар арасында аброю күч партиянын катарында саналган “Ата мекендин” талапкерлери мандатка караандабай калды. Мындай көрүнүштү мандатка жетпей калган “Ата мекен”, “Ар намыс”, “Асаба”, “ЭрК” партиялары эле эмес, көз карандысыз байкоочулар жапырт болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуу катары баалашты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын ошол кездеги мүчөсү Акылбек Сариевдин пикиринде, “Ак жол” партиясынын шайлоого жасаган алгачкы кадамы эле мыйзам бузуудан башталган. Башкача айтканда, партия курултай бекиткен талапкерлердин тизмесинен беш кишини мыйзамды одоно бузуп туруп алмаштырган. Бул боюнча сотко берген “Жашылдар” партиясынын арызын сот канааттандырган эмес:

- Партия уставынын 5-беренесинин 10-пунктунун 9-абзацында бир гана курултай чечет деп турат. 5-берененин 12-пункту боюнча саясий кеңеш чече албайт.



Мыйзам бузуунун себебин ушинтип белгилеген “Жашылдардын” лидери Эркин Бөлөкбаевдин көз карашында шайлоодо БШКдан баштап бардык бийлик бутактары, анын ичинде сот тармагы да “Ак жолду” толугу менен колдоп берген. Анткен менен шайлоо жыйынтыгын жарыялаган БШК төрайымы Клара Кабилованын бүтүмүнө караганда шайлоо кынтыксыз өттү:

- Шайлоо ачык-айкын, бардык демократиялык нормаларды сактоо менен өттү... Биз бардык партиялар, шайлоочулар жана маалымат каражаттары менен сүйлөшүүгө даяр турдук.

БШКнын бул пикирин негизинен КМШдан келген байкоочулар тобу колдогон. Парламенттеги 90 мандаттын 71ине ээлик кылган “акжолчулар” өздөрү болсо жеңишин элдин ишениминин далили катары баалап жүрүшөт.

Бирок президенттин партиясын бийликтин күчү менен парламентке келди деп эсептеген коомчулук ушу күнгө чейин нааразылыгын токтотпой келатат. ЕККУ баштаган бир катар эл аралык уюмдар, жергиликтүү байкоочулар шайлоо одоно мыйзам бузуу менен өттү десе, “Ата мекен” партиясы парламентти легитимсиз деп тапкан.

БШКнын тыянагына ишенбегендердин алгачкы толкуну шайлоо алдындагы шаар бийлигинин чектөөсүнө ылайык милиция тарабынан камакка алынып, сот жообуна тартылышкан. Шайлоо тыянагына ишенбегендерден өсүп чыккан “Мен ишенбейм” кыймылы азыркыга чейин БШКдан шайлоо тыянактарын коомчулукка толук жана ачык жарыялоону талап кылып келатышат. Маселен, “Ар намыс” партиясы БШКга кат жолдоп, бирок өзү канааттанаарлык жооп ала алган жок. Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын арызын сот качан карары белгисиз бойдон турат.



Ушундай жагдайларды эске алган коомдук жана саясий ишмерлер президент Бакиев партиялык курулуш саясатында мурдагы президент Аскар Акаевдин катачылыгын кайталап, атүгүл андан ашып түшүп жаткандыгын айтып жүрүшөт. Ошол эле парламенттик шайлоо тыянагын эске алган саясатчы Топчубек Тургуналиев маселен мындай дейт:

- 2005-жылдын февраль-мартында Курманбек Бакиев жапа чеккен парламенттик шайлоо менен Бакиевдер өткөргөн декабрдагы парламенттик шайлоонун айырмасы болгон жок.



Бирок президент Курманбек Бакиев өз партиясын парламентте президент, өкмөт менен тыгыз кызматташтык аркылуу жаратман иштерди аткарып жатканына ыраазы. Муну президенттин 3-курултайда сүйлөгөн сөзүнөн байкоого болот:

- Мына азыркы парламент, “Ак жол” фракциясынын депутаттары өкмөт менен, анча-мынча мен билем, угуп атам, көрүп атам кандай иштер жүрүп атканын парламентте, абдан жакшы билем. Ошого карабастан өкмөт алып барган бардык мыйзамдарды өз ирети менен кабыл алып атат. Туура, оңдош керек анча-мынча жери туура эмес болсо, толукташ керек, жакшы сунуштарды киргизип, ошол мыйзамды өзгөртүү менен, бирок кабыл алып, алга жылыш керек.

“Ак жолдун” саясий кеңешинин мүчөсү Адахан Мадумаров баштаган парламент жана партиянын төрага орун басары Элмира Ибраимова баштаган фракция апрель айында энергетикага, чегарага, пансионаттарга байланышкан өкмөттүк талаштуу мыйзамдарды СДП жана Коммунисттер фракцияларынын катышуусуз эле жеке өзү кабыл алды.



Муну Мадумаров баштаган парламент жетекчилиги зор жоопкерчиликти моюнга алуу катары баалашууда. Ошол эле мезгилде парламенттеги “Ак жолдун” кадамын колдобогон талдоочулар аз эмес. Мындай сынчыл көз караштагы талдоочулардын бири Марат Казакбаев “Азаттыкка” берген интервьюсунда президенттин партиясы көпчүлүккө жакпаган мыйзамдарды чыгаруу аркылуу кадырын ого бетер түшүрүп алды деп билдирди :

Марат Казакбаев: Мына элдик партия деп коет, “Ак жол” паритясынын иштеп атканына беш-алты ай болду парламентте. Ошол аралыкта президент эмне айтса эле жасап атат. Дүйнөлүк практикада парламент мамлекеттин эмес, өкмөттүн эмес, элдин кызыкчлыгын аткарыш керек. Ошондой болбой атат. Ошон үчүн карапайым элдин, бейөкмөт уюмдардын, оппозициянын оюнда бул президенттик партия деген түшүнүк менен ченелип атпайбы. Социал-демократтар, Коммунисттер фракциялары менен ушул багытта пикир келишпестиктер чыгып атпайбы.

Менин оюмча “Ак жол” парламенттеги механизмин өзгөртүш керек. Эл менен, бейөкмөт уюмдар менен, керек болсо коомдук парламент менен катышып туруш керек. Менин оюмча, ушундай элге жагымсыз мыйзамдарды кабыл алып аткандан кийин элге чыгып, аны кабыл алуу себептерин элге түшүндүрүп бериши керек эле. Ушул айдыңда оппозиция күжүрмөн иштеп, үгүт жүргүзүп атат. “Ак жолдун” кадыры болсо аябай түшүп калды да.

”Азаттык”: - Мисалы, ошол эле Казакстанды, Орусияны алсак, бир партиянын башкаруу тенденциясы пайда болду. Кыргызстанды аларга салыштырууга болобу?

Марат Казакбаев:- Казакстанда Назарбаевдин “Отаны” же Орусиядагы “Бирдиктүү Орусия” - алардыкы башкача да. Экономикасы өнүгүп аткан буларга бир партиялык башкаруу боло берет. Анткени алардын артында эл бар. Эл Назарбаевге, Путинге ишенишет. Булар экономикалык, социалдык жактан көп иш жасашты.

Бизде кризис болуп атпайбы. Бизде бир партиялуу система болбойт. Шайлоону деле карабайсызбы, кандай кир өттү, ошол шайлоо аркылуу “Ак жол” келип калды. Ошондуктан, “Ак жолдун” шайлоодогу колдоосу, баркы азыр менин оюмча азайып калды.

”Азаттык”: - Азыр эми партиянын ичинде пикир келишпестик болууда. Бул табийгый көрүнүшпү же партиянын жанагыдай ыкчам түзүлүп калышынын таасириби?

Марат Казакбаев:- Чынында эле шайлоодон кийин партиянын ичинде пикир келишпестик пайда болду. Билесиңер, парламентти, фракцияны ким башкарат деген өндүү маселелер боюнча. Ушундан улам эки тарап, эки агым пайда болуп калды.

Эми партияда деле дурус эле мүчөлөрү бар, бирок алар деле “Ак жолдун” парламенттеги ишин кабыл ала алышпайт. Мисалы, тегерек үстөлдөргө барганда депутаттардын айрымдары энергетика тармагы, пансионаттар боюнча маселеге каршы болушат. Бирок алар парламенттин ичинде эч нерсе кыла алышпайт. Партия башчылары Ибраимова же Мадумаров кандай айтса, ошондой кол көтөрүшөт. Ошон үчүн пикир келишпестиктер болуп атат.

Саясат таануучу Марат Казакбаев “Ак жол” партиясынын айланасында “Азаттык” менен ушундай ой бөлүштү.



Оппозициялык күчтөр дээрлик “Ак жол” партиясын мурдагы президенттин балдары түзгөн “Алга, Кыргызстан” партиясынын эле түгөйү катары карашат. Жараматтанган бир-эки саясий партияга жамынган монопартия Кыргызстанга пайда алып келерине ишенбей тургандыгын “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Накен Касиев билдирди:

- Бул Союздун убагындагы монопартия Компартияны элестетип атат акыркы убактарда. Себеби акыркы үч-төрт айдын ичиндеги терс көрүнүштөрдүн бардыгы ушу “Ак жол” паритясы менен айкалышкан: партиянын парламентте кабыл алган чечимдери, эл арасында аброюнун улам түшүп баратышы. Мына азыр демократиялык жолдон тайып, бийликтин үч бутагы бир кишинин колуна өтүп, авторитардык башкарууга такалып калдык. Мен ойлойм, ушулардын бардыгында тилекке каршы “Ак жол” партиясынын салымы зор. Минтип жүрүп отурсак, Союздун убагындагы Компартиядай эле бир партиянын үстөмөндүгү болот. Башка партияларды эсепке албай эле койсо болот. Анан жараматтанган бир-эки партияны кошуп коет, ошону менен дагы бир топ жылга чейин демократиялык маанайдан кайтабыз дагы, республикада ушундай оор акыбал уланат.

Дагы бир мамлекеттик жана коомдук ишмер Амангелди Муралиев Кыргызстанда бир партиянын үстөмөндүк кылуусунун себебин коомдук аң-сезимдин жетиле электигинен көрөт:

- Элдин аң-сезимин көтөрүш керек. Муну оппозиция деп карабаш керек. Коом өсүшү керек.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Акылбек Сариев коомдо жашап жаткан бийликке көз карандылык психология акыйкат башкаруунун бутун тушап жатат деген көз карашын билдирди. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын жаңы мисал катары келтирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын жарымы президент Курманбек Бакиев, ал эми жарымы ал түзгөн “Ак жол” партиясы аркылуу дайындалышкан.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG