Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26
Бул күнү Ошто жергиликтүү айрым кабарчыларга маркум журналист Алишер Саипов атындагы сыйлык тапшырылат. Иш-чараны ММКны колдоо боюнча Оштогу ресурстук борбор жана “Медиа инкубатор” уюму, “Справедливость” укук коргоо уюму жана Орусиядагы “Фергана.ру” маалымат агенттиги уюштурууда. “Медиа инкубатор” уюмунун төрагасы Абдымомун Мамараимов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, сыйлык жыл сайын Сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүндө мыкты журналисттерге ыйгарылып турарын белгиледи. 26 жаштагы Алишер Саипов өткөн жылдын октябрь айында Ош шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ал “Америка добушу”, “Эркин Европа/Азаттык” үналгыларынын кабарчысы, “Сиёсат” деген курч көз караштагы жумалык гезиттин редактору болуп иштеген. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG