Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

09:26 Сөз эркиндиги жөнүндө тасма тартылды


Тасманы Internews Network уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тартканы кабарланууда. Internews Network Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү эл аралык коомчулукка кызматын аркалап жүрүп курман болгон журналисттерди эскерүү мүмкүнчүлүгүн берерин белгилейт.

Жакында эле Нью-Йорктогу Журналисттерди коргоо комитети медиа өкүлдөрдүн өмүрүн кыйгандар жазасыз эркин жүргөн өлкөлөрдүн тизмесин аныктады. Он үч мамлекеттен турган тизмеде Колумбия, Индия, Орусия жана Филиппин сыяктуу мамлекеттер бар. Аталган комитет 2007-жыл кандуу болгонун маалымдайт. Бул жылы дүйнөдө баш-аягы 65 журналист иш маалында ажал тапкан. Алардын айрымдары согуштук кагылыштар маалында жардыруудан же кокустуктан көз жумса, көпчүлүгү атайын буйрутма киши өлтүрүүнүн курмандыгы болушкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG