Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

10:02 Бүгүн Орусиянын Самара шаарында кыргыз спорт күндөрү башталды


Самарадагы “Манас Ата” кыргыз диаспорасынын беш жылдык мааракесине арналган спорттук оюндар эки күнгө созулат. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына аталган диаспоранын төрагасы Акыл Кудуев билдирди. Мелдештер спорттун күрөш, волейбол, футбол, бильярд, шахмат түрлөрү боюнча өткөрүлөт. Иш-чарага Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Казан, Омск, Оренбург, Саратов, Новосибирск жана башка шаарлардан спорттук командалар жана кыргыз диаспораларынын лидерлери катышары күтүлүүдө. Самарада жашаган кыргыз жарандарынын саны 5-6 миңдин тегерегинде. (ZMa)

XS
SM
MD
LG