Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

“Чыңгыз Айтматов жана доор” аттуу түрмөктүн жаңы саны кыргыз композиторлорунун ичинен алгачкылардан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повесттеринин, романдарынын негизинде сахналаштырылган оюндарга, экрандаштырылган --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/02/7A34CE0D-BCB8-4D64-B934-4EE936AD62A6.asp көркөм фильмдерге ондогон ар кандай жанрдагы музыкаларды азыр да жазып жүргөн көрүнүктүү композитор, эл артисти, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, академик Муратбек Бегалиевдин залкар жазуучу Айтматов менен чыгармачылык байланышына арналды.

Кыргыз композиторлорунун ичинен алгачкылардан дүйнөлүк коомчулуктун, миңдеген окурмандардын урматоолоруна, сый-сыпатына ээ болгон залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повесттеринин, романдарынын негизинде сахналаштырылган оюндарына, экрандаштырылган көркөм фильмдерине музыка жазган таланттуу композитордун бири – Республиканын эл артисти, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, академик Муратбек Бегалиев.

Ал жазуучунун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде ар кыл жанрды камтыган драматорияны, “Саманчынын жолу”, “Манкурт баяны”, “Чыңгызхандын ак булуту”, “Сократты эскерүү түнү” аттуу оюндарынын, көркөм фильмдеринин көркөмдүүлүгүнө канат болгондой, ойлоруна ой, терең мазмундагы ар кыл жанрдагы музыкаларды жазат.

1984-жылы Муратбектин кыргыздын маданий коомчулугуна Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң концерттик залында алгачкы жолу бетачар концерти өтөт. Жаш композитордун концертине ордо калаанын ар кыл курактагы угуучулары менен бирге Чыңгыз Төрөкулович баштаган аттуу-баштуу инсандар да катышат. Алгачкы жолу Муратбек Чыңгыз Төрөкулович менен кандайча таанышканы жөнүндө “Азаттыкка” маек куруп берди:

Муратбек Бегалиев: -Күтүүсүз бир окуя болду. Жаш кезим. Элди көп тааныбайм. Жаңы эле окууну Москвадан бүтүп келгем. “Жаш келсе ишке” дегендей ары-бери чуркап иштеп күч-кубатым ашып-ташып эмгектенип жүргөн убагым. Концерт бүтүп калган кезде карасам эле сахнада мага гүл бергендердин арасында Чыңгыз Төрөкулович турат. Мага татынакай болгон кыз гүл берип атат. Карасам Чыкемдин кызы экен. Өзү болсо эшик жака туруп алып кол чаап элди кетирбей 15 мүнөтчө угуучуларды кармап турду.

Мен адамдын улуулугун, сулуулугун мына ушундай деп эсептейм. Анткени “атын атаса куту сүйүнөт” дейт. Көрсө, менин атымды угуп, жаш жигитти көтөрмөлөп, кыргыз элине таанытып койсом дегендей тилек менен келсе керек. Кол чаап турду, мен да аябай кубандым, таңкалдым, сыймыктандым. Мына ошол күндөн баштап бүгүнкүгө чейин байланышымды үзбөй келем.

Кийинчерээк мен окууну бүткөндөн кийин Переделкинада туруп калдым. Чыңгыз агай да чыгарма жазып атты. Ошондо «Чыңгызхандын ак булуту» деген чыгармасын жазып жатты. Мен бери жакта даңкылдатып пианино ойнойм, Ашканадан тамак-ашты, чай-пайды чогуу ичип жүрдүк. Ошентип ага-инидей байланыштар болуп калды.

Мен Москвада окуп жүргөндө Чыңгыз Төрөкуловичти таануучу эмес элем. Спивцев деген мыкты режиссер бар эле. Ошол эксперименттик театр ачып, ал кезде Чыңгыз Айтматов «Кылым карытар бир күн» романын жазып, басып чыгарып окурмандар талкуулап жаткан кез эле. Спивцев болсо романды сахналаштырып оюн коймокчу болот. Ал мага музыка жазып бер деп кайрылып калды. Мен макул болдум».

Балбай Алагушов:- “Кылым карытар бир күн” спектаклинеби?

Муратбек Бегалиев: -Ошол спектаклге. Өзүңүз жакшы билесиз спектаклге жазылган музыкалар үзүндү-үзүндү болуп жазылаарын. Анан кийин алардын баарын бири-бири менен байланыштырып, дипломдук ишиме “Кылым карытар бир күн” деп көркөм окуу, үч курамдан симфониялык оркестр үчүн көптөгөн элдик аспаптарды кошуп, балдар, чоңдордун хорлорун камтыган аябай чоң партитура жазып салыпмын. Аткаруучулук жактан кыйын болгондуктан бир гана жолу дипломдук ишти коргоодо гана драматория аткарылды.

Балбай Алагушов:- Муке, Чыңгыз Айтматовдун сахналаштырылган, экрандаштырылган кайсыл чыгармаларына музыка жаздың? Аларды жазууда алдыңа койгон максатыңды аткара алдыңбы?

Муратбек Бегалиев: -Ар бир композитор чыгарма жазып жатканда тигил же бул образды музыка аркылуу ачып берүү, жеткирүү биздин милдетибиз. Мен Айтматовдун Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда коюлган көптөгөн спектаклдерине, көптөгөн көркөм фильмдерине музыка жаздым. Маселен Казакстанда «Ыстык көл трагедиясы», «Гүлсарат», «Маңкурт баянына», «Саманчынын жолуна», «Кылым карытар бир күнүнө», «Бетме-бетине», «Чыңгызхандын ак булутуна» казак акыны Шаханов менен биргелешип жазган «Сократты эскерүү түнү» ж.б. оюндарына, көркөм фильмдерине музыка жаздым. Алар кандай деңгээлде жазылганын көрөрмандар менен угармандар өздөрү баамдашсын.

Балбай Алагушов:- Муратбек мырза, азыркы ырчылардын арасында ооздон-оозго көчө ырдалып жүргөн “Ысыккөлдү сагынуу” аттуу ырыңдын сөзүн Чыкем (Чыңгыз Төрөкулович) жазыптыр. Ал ырдын сөзүнүн жазылышына ким себепчи болду эле?

Муратбек Бегалиев: -Улуу адам улуу жол менен кетип баратканда анын чыгармачылыгын окурмандарына, угармандарына ар тараптан көргөзүш керек экен. Чыкем Люксембургда элчи болуп турганда мен Германияда стажировкада болуп калдым. Мени Чыкем чакырып калды. Беш-алты күн Чыкем менен бирге болдум. Сөз арасында Штоган жөнүндө сөз болуп калды. Ошондо мен Европанын улуу композитору, бир эле мезгилде ал сүрөт да тартчу экен. Эми анын сүрөтчү катары көргөзмөсү болуп жатканын Чыкеме айтсам: - Ошондой да болот бекен, - деп күлүп калды. Анан мен “сиз деле ыр жазсаңыз акын болуп каласыз. Сиздин чыгармаларыңыздын арасында мыкты ырлар да кездешет. Ошолорду өзүңүз жазасызбы, же ар кандай булактардан аласызбы” десем, Чыкем: - когда как, - деп күлдү да, кээде өзүм жазам, кээде ар кандай булактардан алам – деди.

Анан бүгүнкү эстрада ырчыларынын ырларынын обондору, сөздөрү жөнүндө сүйлөшүп калсак, Чыкем: - ырлардын сөзүн жазыш жеңил эле болсо керек, дегенде, мен – сиз сөздүн атасысыз, сиз сөздүн чордонунда отурасыз. Бир ырдын сөзүн жазып көрбөйсүзбү – десем, Чыкем: - Эл, жер, сагыныч жөнүндө жазса болот. Мен кайда жүрбөйүн ар дайым Ысыккөлдү эстейм дегенде, мен – анда Ысыккөл жөнүндө жок дегенде бир куплет ыр жазып көрбөйсүзбү десем эле, Чыкем беш мүнөттүн ичинде:

Кыялымда ак куу болуп,
Учуп жүрөм көл үстүнөн,
Көк асмандын мейкининде
Балык сымал эркин сүзөм, - деген саптарды жаза салды.

Анан Чыкем обонду кантип жазасың деп сурап калды. Ошондо мен: - жаза турган обондун ноталары асманда учуп жүрөт. Аларды сиздин сөзгө ылайыктап, кармап алып жазам – десем эле, Чыкем: - “Кыялымда ак куу болуп” деп кыңылдап ырдап жиберди. Ошентип бир нотадан жакшынакай обон жаралып калды.

Бир жылдан кийин Чыкем Бишкекке келгенде ырды угузсам: - Ой, бул кимдики болду экен, жакшы ыр экен дегенде, - баягы сөзүн жазып берген сиздин ырыңыз – дедим. Ошентип Чыкемдин сөзүнө “Ысыккөлдү сагынуу” ыры жаралган эле.

“Ысыккөлдү сагынуу”

Обону М.Бегалиевдики. Сөзү Чыңгыз Айтматовдуку.

Кыялымда ак куу болуп
Учуп жүрөм көл үстүнөн
Көк асмандын мейкининде
Балык сымал эркин сүзөм.

Кайырма:

Алыс кетсем куса болуп
Сагынам салкын төрүң
Алтын көлүм, Ысыккөлүм
Сагындым мен толкун көркүн.

Байыркынын, бабалардын,
Сөзү калды көл бетинде,
Балалыгым эстен чыкпайт
Изим калды көл четинде.

Кайырма:

Кыялымда учуп барам
Бийик чокунун үстүнөн
Кылым карып кырлар ашкан
Кыргыз көлү чөкпө дейм.


Муратбек Бегалиев баардашуубуздун соңунда Улуттук консерваториянын жана ордо калаадагы чыгармачыл жамааттын күчү менен Айтматовдун чыгармаларына жазылган ар кандай жанрдагы чыгармалардын тандалма топтомдорунан бир нече концерттер берилерин, улуу жазуучу менен жолугушуулар болорун баса белгиледи.

Тектеш

XS
SM
MD
LG