Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

14:22 Куловдун энергетика тармагын өнүктүрүү аракетине саясатчылардын пикири ар кыл


“Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов Куловдун бул кадамын таң калуу менен кабыл алгандыгын жана мындай чечимге барышына жеке кызыкчылыгы түрткү болду деген ойдо экендигин билдирди. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Бакыт Бешимов “Кулов Кыргызстанга пайда келтирүү аракетин көрө баштаса колдоо гана керек, себеби энергетикалык кризис алдында турган өлкө үчүн ушундай демилгелер зарыл” деп билдирди. Экс-депутат Азимбек Бекназаров болсо “Бул анын тандоосу жана анын жыйынтыгын мезгил көрсөтөт. Анткени, Куловдун буга чейинки чечимдеринин кандай максат көздөөрүн мезгил далилдеген” деп, бийлик менен иштешүү чечимине барууда жеке кызыкчылык олуттуу роль ойноду деген пикирин да кошумчалады. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG