Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

ЭЛ ҮНҮ: БҮТПӨГӨН КАРКЫРА КАПАСЫ, КОРРУПЦИЯ


Каркыра капасы токтобой келет. Буга ар жекшемби сайын обого чыгуучу “Эл үнү” уктуруубузга кайрылып, ой-пикирлерин билдиришкен замандаштарыбызыдын көптүгү далил болот алат. Ошондой эле сөз эркиндиги, коррупция сыяктуу маселелер тууралуу кеп козгогон замандаштарыбыз бар.

Атбашы районунан келген замандашыбыз Базаркул Жумабаев, элдик курултайларды өткөрүү тартиби тууралуу өзүнүн ой-пикирин билдирип, элге кайрылуу жасады. Анын айтымында, бүгүнкү күнү курултайлардын аркасы митинг-пикеттерге айланып кетип, эзелки кыргыздар өткөргөн чыныгы курултайлардын маани-маңызы бурмаланып кетти.

Курултайларды айылдардан баштоо керектигин, айылда өткөн курултайда тандалган делегаттар райондук курултайга катышып, райондо бекигендерди облуска жиберүү туура болорун, облуста өткөн курултайлардан кийин гана Бишкекте чоң курултай куруп, элдин маселеси талкууланса иш оңунан чыгарын айткан Б.Жумабаев, жалпы элди курултай өткөрүү салтын туура сактоого чакырды. “Биз айылдарда отуруп эле өзүбүздүн маселелерди чечип койсок болот. Өзүбүздүн маселени талкуулап туруп, айылдарда туруп эле эреже-мыйзам кабыл алып алсак жакшы болот эле”, - дейт ал.

Ошондой эле “Эл үнүнө” кыргыз жерлеринин сатылып кетип жатканына тынчсызданууларын билдирген замандаштарыбыз көп болууда.

Маселен, Тоң районунун жашоочусу Канат, Каркыра жайлоосу менен төрт пансионаттын казак тарапка кеткени тууралуу тынчсызданып, “анын аркасынан башка жерлерди дагы коңшулар талап кетпес бекен, буга жол бербөө керек. Эл эмне үчүн бул боюнча жакшылап айтпай атат бийликке” деп капаланды.

Ал эми манасчы, филология илимдеринин кандидаты Талантаалы Бакчиев болсо, эмне себептен бийликтегилер Каркыра жайлоосу жаатындагы чечимин элден сурабай чыгарганын, эмне себептен элге маалымат таратылбаганын айтып капаланды. “Эмне үчүн биздин бийлик жер сатуу дегенди мода кылып алышты? Аялын берсин, атын берсин. Анткени алар өздөрүнүн менчиги. А эмне үчүн элдин жерин бериши керек. Жер элдики. Эми манасчылар кантип айтабыз Манасты. Бул жер Манаста деле кыргыздыкы экендиги айкын эмеспи”, - дейт Талантаалы Бакчиев.

Коңшу өлкөлөр менен болгон талаш-тартыштуу жерлер тууралуу суроолорго өкмөттүн алдындагы регионалдык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов жооп берди.

“Чегарадагы талаш-тартыштуу жерлер боюнча маселе кандай чечилсе дагы эки тараптан тең нааразычылыктар чыга берет”, - дейт ал. Анын айтымында, Казакстанда деле Кыргызстандагыдай “эмне үчүн жерибизди берип койдуңар” деп чыккандар бар.

Таластан “Эл үнүнө” бул аптада Жерүй алтын компаниясы былтыр кредик катары элге берген 1 миллион АКШ долларын жергиликтүү элдер ала албай келатышканын айтып кайрылышты. Анын себебин жергиликтүү тургундар коррупцияга байланыштырышат.

Талас облусунун жашоочусу Бурушбүбү Шырдакова, күздөн бери Жер үй компаниясы бөлгөн кредитти ала албай келатканын, буга жооптуу адамдар берилет деп айтышып элдерден документтер үчүн 110 сомдон жыйнап кетишкенин, бирок ушул кезге чейин сүйрөп келатышканын айтат. Ал эми Азиз Кулунбековдун пикиринде бул жерде коррупция жыттанып турат.

Таластыктардын мындай суроолоруна Талас райондук кредиттик союздун жетекчиси Чолпон Жангалиева жооп берип, маселе жакында чечиле турганын айтты. “Биз кеп-кеңеш кызматтарын гана көрсөтөбүз. Кызмат көрсөткөнүбүз үчүн гана акча алабыз. Биз элден бир тыйын ашыкча акча алганыбыз жок”, - дейт Ч.Жангалиева.

Андан тышкары “Эл үнүнө” Талас районундагы Көк кашат айылынын тургуну, ардагер Эрке Кожомуратова, үйү жер титирөөдөн жабыр тартып жараксыз абалга келгенин, баласы жол кырсыгынан майып болуп калгандыктан алты небересин багып чоңойтконун, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылуудан пайда чыкпаганын айтат.

Баткен облусундагы кабарчыбыз Сабыр Абдымомуновго да жергиликтүү тургундар сөз эркиндиги жана бийлик менен оппозициянын алакасы тууралуу ой-пикирлерин айтышты. Алар УТРКдан башка дагы маалыматтарды калыс чагылдырылган телеканал болсо жакшы болмоктугун, анткени учурда мурдагыдай эле бир жактуу маалыматтар жайылып жатканын айтышат.

XS
SM
MD
LG