Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

АКШнын коргонуу катчысы Роберт Гейтс "Кошмо Штаттары Ооганстандын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/3093103F-D7FA-49AB-995F-322622AF8E91.asp түштүгүндөгү НАТОнун командачылыгын өткөрүп алышы мүмкүн" деп билдирди. Бул аймакта АКШнын союздаштары кошумча күч кошуудан тайсалдап келатышканы маалым. Анын аралыгында, АКШнын маалымат каражаттары Кошмо Штаттары Ооганстанга келерки жылы дагы кошумча аскер жиберет экен деп жазып чыгышты.

Роберт Гейтсдин сөзү боюнча, Кошмо Штаттары Ооганстандагы өзүнүн аскердин ролун өзгөртүүдөн мурда сөз жок НАТО союздаштары менен кеңешет. 2-майда Техастагы Кызыл Дайра армия бөлүгүндө болгондо Гейтс ошондой эле Комшо Штаттары бир өлкөдө эки башка аскер башчылыгын кармоону улантабы же жокпу деген суроо да көтөрүлүп жаткандыгын билдирди.

АКШнын Ооганстанда 34 миң аскери болсо, бул аскерлерди эки башка кол башчы башкарат. 16 миңдей аскер АКШнын европалык командачылыгы астында чыгыш Ооганстанда турган 47 миң НАТО аскеринин карамагында.

Дагы 18 миң аскер контр-чалгын жана ооган коопсуздук күчтөрүн машыктыруу менен алектенет. Бул аскерлер АКШ армиясынын борбордук командачылыгына баш ийет.

"Нью-Йорк таймc" гезитинин ушул ишембиде жазышынча, Пентагон келерки жылы Ооганстанга дагы 7 миң аскер жиберүүнү пландап жатат. Алар НАТОнун башка мүчөлөрүнөн келбей жаткан аскер күчтөрүнүн кемтигин толтурмакчы. Гезитке ылайык, мындай болгон күндө Кошмо Штаттары Ирактагы аскерлеринин санын азайтат. Эгер бул божомол ишке ашса, Ооганстанда турган чет элдик аскерлердин үчтөн экиси америкалыктар болуп калат.

Пентагон өкүлдөрүнүн айтымында, кошумча аскер жиберүү маселеси АКШнын келерки президенти чече турган маселе. Жаңы президент январь айында ишке кирет. Ага чейин Ооганстанга кошумча аскер жиберилиши күтүлбөйт.

Кошмо Штаттары жакында Ооганстанга жети айга 3 жарым миң аскер жиберген. Алар талибдер айрыкча катуу айбат көрсөтүп келаткан түштүк аймакка жайгаштырылды. Бул жакта дагы Британия, Канада, Голландия жана Австралиянын аскерлери да турат. Бирок аларга көп оорчулук келип жаткандыктан, Кошмо Штаттары жана башка НАТО өлкөлөрү союздаштарын дагы 10 миң аскер кошууга чакырышкан, бирок "Нью-Йорк Таймстын" жазышынча, азырынча союздаштар 2 миң аскер жиберүүгө гана макул болушту.
XS
SM
MD
LG