Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Абхазия тууралуу грузин- орус --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/30D35081-29F6-47A7-8D79-2534209F224E.asp мамилелери азыр чыңалуу калыбынан жазыла элек. Коомчулук он беш жылдан бери тоңуп турган бул жаңжал кайра жанып, алтүгүл аскердик кагылышка эмнеден улам кептелип калды деп сереп салып жаткан кези.

Бириккен улуттар уюму 1-майда эл аралык коомчулукка кошулуп, Тбилиси менен Москванын кайым айтышуусуна камтамасын билдирди. Тараптарга Грузиянын аймактык бүтүндүгүн сыйлоону өтүндү.

Мындай билдирүүлөр Грузия үчүн кичинекей болсо да жеңиш. Грузия Абхазия тууралуу жаңжал тутанса эле, Орусия ага коогалаңдуу кас экенин айтып, тезирээк НАТО жана башка батыштык уюмдарга кире калуу үчүн колдонуп келгендей.

Михаил Саакашвили 1-майда “Рейтер” маалымат агенттигине курган маегинде расмий Москваны Абхазия боюнча айткандарынан кайтууга үндөө өтүнүчү менен эл аралык коомчулукка дагы бир ирээт кайрылды:

-Менимиче, бул Батыш, дегеле демократиялык коомчулук көз жуумп койчу убак эмес. Анткени бул жерде Грузия эмес, Грузиядан да чоң нерсе тууралуу сөз болуп жатат. Бул жерде Европанын башка бөлүгүндөгү түпкү баалуулуктар, түркүктөр жана коопсуздукка шек келүүдө.

Москва Грузиянын акыркы аптадагы кысым сөздөрүнө дың деген да жок. Тескерисинче, Абхазия, ошондой эле Түштүк Осетия менен да алкасын андан да жакшыртып, соода жаатында салынган тыюуларын алды, юридикалык байланышты чыңдады. Акырында аймактагы аскердик күчтөрүнүн санын көбөйтөм деп чыкты.

Орус бийлигинин мындай чечими дароо АКШнын, Европа биримдигинин жана НАТОнун сынына кабылды.

Европалык парламент орус аскер күчтөрүн эл аралык бейтарап күчтөргө алмаштыруу сунушун берди.

Сергей Маркедонов - Москвадагы саясий жана аскердик талдоо боюнча институттун Кавказ чөлкөмү боюнча адиси. Анын айтымында, бул эски жаңжалдын мүнөзү барган сайын өзгөрдү жанан бул өзгөрүүлөрдүн артында Москва эмес Грузия турат:

-Грузия бул жаңжалды көп убакыттан бери эле грузин-абхаз жана грузин-осетин эмес, грузин-орус чатагы катары сунуштап келген. Эми Грузиянын максаты - муну Батыш менен Орусиянын кагылышы катары сыпаттап, өзүн Батыш дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары көрсөтүүдө. Ошон үчүн мен орусиялык кесиптештерди астейдил болууга чакырат элем. Анткени башка бирөөнүн “оюнуна” аралашуу жакшы нерсеге алып келбейт, туура деле жол эмес. Менимче Эски Европанын өкүлдөрү менен прагматикалык маектешүүгө кандайдыр негиздер бар, жада калса соодалашса болот деп айтат элем. Анткени алардын баары эле Грузиянын иш-аркеттерине шүйшүнүп кетишкен жери жок.

Абхазия маселеси аймак өзүн 1994-жылы көз карандысыздыгын жарыялап, Грузия менен кыска мөөнөттөгү кандуу кармашуу болгондон тарта көтөрүлүп келет. Москва болсо абхаздарга паспорт берип, каржылык жактан колдоого алып, керек учурда Тбилиси менен тытышкан мамилесинде колдоно коет.

Жакында Косово өзүн Сербиядан эгемен деп жарыялашы, НАТОнун жогорку жыйынында Тбилисинин бул уюмга мүчөлүккө өтүү ниети колдоого алынышы бул эски жараны кайра козгогондой.

Грузин коомчулугу Орусиянын акыркы кадамдарын баскынчылык деп сыпаттап, Тбилисинин НАТОго кошулам деген максаттарынан улам болууда деп билишет. “НАТОдогу Грузия” деген уюмдун башчысы Шалва Пичхадзени уксак:

-Орусия Грузиянын НАТОго киришине каршы болуп жатканы жашыруун деле эмес. Орусиянын колунда турган бирден бир натыйжалуу курал - бул Грузиянын аймагындагы чечилбеген жаңжал. Ушуну менен расмий Москва Грузия чечилбеген маселелери менен НАТО жана башка европалык түзүмдөргө кошулууга жөндөмсүз экенин далилдөөгө далалат кылып жатат.

Бирок баардыгы эле мындай ойдо эмес. Кавказ чөлкөмү боюнча серепчи Лиз Фаллер “Азаттыкка” Орусия бир нече жылдан бери абалды оңдоого көмөктөштү деген пикирин билдирди. Ал эми Грузия адатынча ачууга алдырып жатат:

-Саакашвили кызуу кандуу адам экенин, учурдан пайдаланып кооптуу жагдай түзүлдү деп жаалданып, тилинен чаң чыкканча дароо эл аралык коомчулукка Грузияны Орусиядан сактап калууга кайрылаарын орус бийлиги билип деле калды. Орусия Грузиянын мындай экенин жана акыры каякка алып барарын билет. Албетте бул учурда Дмитрий Медведев кырдаал куралдуу кагылыштарга айланбашы үчүн келерки апталарда ачык сүйлөшүүсү керек болот.

Серепчилер Грузияга да Орусияга да аскердик кагылыштын болушу пайдалуу эмес дешет.

Азыры айрымдар Орусиянын акыркы аракеттери Абхазия менен Түштүк Осетияны көз карандысыз деп жарыялоого макулдугунан улам деп үмүт артып отургандай. Бирок кыязы Москва Чеченстан сыяктуу республикада жикчилдикке каршы бир нече жылдан бери күрөшүп келгендиктен цхинвали жана сухумдар үчүн кош стандарт орнотуп алуудан чочулап турат.
XS
SM
MD
LG