Бириккен Улуттар каржылаган жыйын дүйшөмбү күнү аяктайт. БУУга ылайык, Чыгыш Европада жана Борбор Азияда 1 миллион 600 миң киши СПИДке алып келүүчү ВИЧке чалдыккан. БУУнун СПИД агенттигинин жетекчиси Петер Пиот бул илдетти азыркыдан да азайтуу үчүн аталган аймактарда интеллектуладык жана инсфраструктура ресурстары бар экендигин белгиледи.