Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Гүлайым Ашакеева, Бишкек Жыл сайын 3-майда Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү белгиленип келет. 1993-жылы Улуттар уюму бул күндү расмий түрдө белгилеп, демократияны өнүктүрүүдө басма сөздүн мааниси өзгөчө экендигине басым жасалган. Бул күнү адатта, маалымат каражаттары канчалык деңгээлде эркин экендиги бааланып, кызматын аркалап жүрүп курман болгон журналисттерди --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/BCC705BF-B299-47F7-BE45-41D94090CAA9.asp эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.

Дүйнөдөгү Басма сөз эркиндигинин күнүнө карата эларалык бир катар уюмдар өздөрүнүн изилдөөлөрүн, отчетторун жарыялашты. Freedom House уюмунун 29-апрелде жарыялаган баяндамасында Азия, Африка жана Латын Америкасындагы сөз эркиндигинин абалы өтө катуу чектөөлөргө дуушар болуп жатканы белгилеген. Ошондой эле Европанын мурдагы социалисттик өлкөлөрүндө эркин сөз улам азайып баратканы көрсөтүлгөн.

Сөз эркиндигинин абалын аныктаган тизмеде Кыргызстан 195 өлкөнүн ичинен 156-орунга ээ болуп, сөз эркиндиги жок мамлекеттердин катарына киргизилген. Ал эми мурдагы совет өлкөлөрү - Азербайжан, Тажикстан, Казакстан, Орусия 168 менен 170-орундардын ортосунда жайгашкан. Белорусия 188, Өзбекстан 189, Түркмөнстан 193-орунга коюлган.

Кыргызстандын мындай төмөнкү орундардын бирине ээ болгону, өткөн жылдагы маалымат каражаттарына болгон кысымга байланыштуу дейт, журналист Бакыт Орунбеков:

-Биринчиден, Кыргызстанда журналисттерге мурда-кийин болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүлгөн деген статистика берилип жатат. Мына, эки журналистибиз Батыш өлкөлөрүнөн баш паанек суроого аргасыз болуп көчүп кетишти. Он төрт журналист ар кандай ур-токмокко алынып, сабалган фактылар катталды. Эң өкүнүчтүүсү - бир журналист кылмышкерлердин, же башка бир күчтөрдүн айынан окко учуп отурат. Мына ушул көрсөткүчтөрдүн бардыгы Кыргызстан демократиялык принциптерден тайып аткандыгы, сөз эркиндиги жок экендигинен кабар берди го деп ойлойм.

Жогорку Кеңештин депутаты Жангороз Каниметов өлкөдө сөз эркиндиги эң баалана турган багыттардын бири, Кыргызстанда бүгүн сөз эркиндиги кыскарып калды дегенге кошулбайт:

-Сиздер деле каалагандай айтып жатасыздар. Газеталардан “Агым”, “De facto” өзүнүн ойлорун билдирип жатат. Мен ойлойм мындай деле кысым болгон жок деп. Мына мен өзүмдү алсам, пансионаттарга каршы пикиримди билдирдим, Каркыра боюнча калыс пикиримди айттым. Эч ким куугунтуктап, эч нерсе кылган жок.

Расмий бийлик өкүлдөрүнүн пикиринде, айрым маалымат каражаттарында өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирген маалыматтарды учуратууга болот. Президенттин башма сөз кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев мындай учурда мыйзамдын талаптарын сактоо керек экендигин айтат:

-Экстремисттик, же ошол эле эларалык терроризмдин кээ бир чакырыктарын массалык маалымат каражаттарында жашыруун колдоо болгон учурлар бар. Ушундай моменттерди, албетте эске алуу керек. Бул мыйзамдын талабы.

Аптанын башындагы Эларалык Журналисттерди коргоо комитети буйрутма киши өлтүрүүдөн набыт болгон журналисттердин өлүмү иликтенбей, кылмышкерлер жазага тартылбаган өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Он үч мамлекетти камтыган тизменин башында Ирак, ага удаалаш Сьерра-Леон, Сомали, Ооганстан, Колумбия, Индия жана Филиппин. Бул тизмеде Орусия 9-орунду ээледи. Ал жерде 1998-жылдан бери он төрт журналист кесибинин айынан курман болгон. Аталган өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө журналисттер согуштук аракеттер учурунда эмес, бейпил мезгилде буйрутма киши өлтүрүүнун курмандыгы болгону айтылат.

Өткөн жылдын октябрь айында Кыргызстандын түштүгүндө эркин журналист Алишер Саиповду белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Бүгүнкү күнгө чейин журналисттин өлүмүн иликтөө жүргүзүлүп жатканы кабарланганы менен эч натыйжа жок. ИИМ иликтөө-тергөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдоо менен гана чектелүүдө.

Чыр чатактуу окуяларды чагылдырган, журналисттик иликтөө менен алектенген кесипкөйлөр үчүн Саиповдун бейажал өлүмү өзүнчө бир сабак, өзүн өзү тыюуга мажбур кылган окуя болду дейт “Медиа өкүл” институтунун башчысы Илим Карыпбеков:

-Абдан чоң сабак болду да. Эгерде ушул бийликке каршы болсо, же болбосо бийликти өтө сын-пикир менен чагылдырган жана журналисттик кесибине абдан берилген иш-аракеттер журналисттин жашоосуна өтө коркунучтуу экенин алар билип калышты.

Серепчилер журналисттерди өлтүргөндөр жазаланбай эркиндикте жүрүшү - басма сөзгө өзгөчө коркунучтуу белги экендигин айтышат. Мындай каргашалуу окуялар орун алган жердеги өлкө жетекчилиги, коомчулук таасирдүү чараларды көрүшү керектигин такай белгилеп келатышат. Бирок андан азырынча жыйынтык чыга элек, дешет адистер.
XS
SM
MD
LG